Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 51
Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
219-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "144-беренесинде" деген сөздөр "144 жана 346-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 346-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"346-берене. Лотереялык жана оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдарды бузуу
1. Лотереялык компаниянын лотереялык иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу -
юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Оюн-зоок ишин уюштуруучунун оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу -
юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу -
юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Оюн-зоок жана лотерея ишине контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына ишенимсиз (жалган) маалыматты же документтерди берүү, же болбосо маалыматты же документтерди берүүдөн баш тартуу -
лотерея ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, оюн-зоок ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Оюн-зоок жана лотерея ишине контролдуу жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук кылуу, ага тете лотерея жана оюн-зоок ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдары өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алардын талаптарын лотерея, оюн-зоок ишинин субъектисинин кызмат адамынын аткарбай коюшу же кароосуз калтырышы -
лотерея ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, оюн-зоок ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 46 жана 47-пункттар менен толукталсын:
"46) оюн-зоок иши - казинодо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, электрондук (виртуалдук) казинодо, сервердин жайгашкан жерине карабастан букмекердик контораларда, тотализаторлордо кумар оюндарына жеткиликтүүлүктү уюштуруу, жүргүзүү жана берүү менен байланышкан иш;
47) ставкаларды кабыл алуу пункту (касса) - букмекердик конторанын же тотализатордун кызматкеринин электрондук-эсептөө техникасы жана керектүү байланыш каражаттары менен жабдылган жана ставкаларды кабыл алууга жана утуштарды берүүгө арналган, өзүнчө бөлүнгөн өзгөчө жумуш орду.";
2) 46-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) оюн-зоок ишине салык.";
3) 184-берененин 1-пункту "оюндарга" деген сөздөн кийин ", анын ичинде кумар оюндарына" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 191-берененин 3-бөлүгүнүн 8-пунктундагы "кызыктыруучу лотереяларга/акцияларга" - деген сөздөр "кумар оюндарына, кызыктыруучу лотереяларга/акцияларга" - деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 62-глава менен толукталсын:
"62-глава. Оюн-зоок ишине салык
450-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул главада каралган салык режими Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдарында коюлган талаптарга ылайык ишти жүзөгө ашыруучу (мындан ары - салык төлөөчү) субъекттердин ишине карата гана колдонулат.
2. Оюн-зоок ишине салык ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон оюн-зоок ишинин төмөнкүлөрдүн ордуна салык төлөө милдетин карайт:
1) пайдага салыктын;
2) салык салынуучу берүүлөргө КНСтин;
3) сатуудан алынуучу салыктын.
3. Оюн-зоок ишине салык төлөгөн салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөйт.
4. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.
5. Иштин башка түрлөрүн жүргүзүп жаткан салык төлөөчү өз-өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө, ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин бул түрлөрү боюнча отчеттуулукту берүүгө жана салыктарды төлөөгө милдеттүү. Мында оюн-зоок ишин жүзөгө -ашырууга байланыштуу жумшалган чыгымдар иштин башка түрлөрү боюнча жыйынды жылдык кирешеден кемитилбейт.
6. Салык төлөөчү салыктык катталган жер боюнча оюн-зоок ишине салык төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
451-берене. Салык салынуучу объект
Казинодо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, электрондук (виртуалдук) казинодо, букмекердик контораларда, сервердин жайгашкан жерине карабастан тотализаторлордо кумар оюндарына жеткиликтүүлүктү уюштуруу, жүргүзүү жана берүү менен байланышкан иш оюн-зоок ишине салык салынуучу объект болуп саналат.
452-берене. Салык базасы
1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, оюн-зоок ишине салык салуу базасы болуп 1 оюн жабдуусу саналат.
2. Тотализатор жана букмекердик контора үчүн салык салуу базасы болуп ставкаларды кабыл алуунун 1 пункту (касса) саналат.
3. Сервердин жайгашкан жерине карабастан онлайн-казинодо жана электрондук (виртуалдык) казинодо кумар оюндарына жеткиликтүүлүктү уюштуруу, жүргүзүү жана берүү боюнча салык салынуучу база болуп салык төлөөчүнүн алган пайдасынын жана катышуучуга төлөнгөн утуштун ортосундагы айырма саналат.
453-берене. Салыктын ставкалары
Салык төлөөчү оюн-зоок ишине салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:
1) казинонун 1 оюн столу (1 флот) үчүн:
- 2022-жылы - 750000 сом;
- 2023-жылы - 1000000 сом;
- 2024-жылдан тартып - 1250000 сом;
2) оюн автоматтар жана компьютердик симуляторлор залынын 1 оюн столу үчүн:
- 2022-жылы - 50000 сом;
- 2023-жылы - 75000 сом;
- 2024-жылдан тартып - 100000 сом;
3) букмекердик конторанын жана тотализатордун ставкаларды кабыл алуунун 1-пункту (касса) үчүн:
- 2022-жылы - 200000 сом;
- 2023-жылы - 350000 сом;
- 2024-жылдан тартып - 500000 сом.
"4) онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино үчүн салыктын ставкасы 8 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
454-берене. Салык мезгили
Оюн-зоок ишине салык үчүн салык мезгили болуп бир календардык ай саналат.
455-берене. Салыкты эсептөө тартиби
Оюн-зоок ишине салыкты эсептөө ушул Кодекстин 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
456-берене. Салык отчеттуулугун берүү. Салыкты төлөө тартиби жана мөөнөтү
1. Салык төлөөчү төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) салык отчетун - салыкты төлөө күнү же мөөнөтүнө чейин;
2) бирдиктүү салык декларациясын - ушул Кодекстин 106-беренесинде белгиленген мөөнөттө.
2. Салык төлөөчү отчеттук ай башталганга чейин ай сайын төлөөгө милдеттүү.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Оюн-зоок ишин лицензиялоонун тартиби, анын ичинде лицензияны берүү, токто туруу, токтотуу (кайра чакыртып алуу/жоюу), кайра жол-жоболоо тартиби, ошондой эле лицензиялоо шарттары, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 301-пункт менен толукталсын:
"301) оюн-зоок иши;".
5-берене.
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-статьянын 5-бөлүгүнүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
46-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 64-пункт менен толукталсын:
"64) оюн-зоок ишине салык;".
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |