Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 52
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-берененин 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) эл аралык жана транзиттик учууларды аэронавигациялык тейлөөнү кошпогондо, учууларды аэронавигациялык тейлөө;";
2) 3-беренеде:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 41-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пунктунда "сатууга, ижарага берүүгө же башка бүтүмгө" деген сөздөр "бардык бүтүмдөргө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- үчүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацта "баш тартууга укуктуу" деген сөздөр "баш тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чечим кабыл алуу үчүн кошумча маалымат зарыл болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган аны арыз берүүчүдөн сурап алат жана өтүнүчтү кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүү менен бирге мындай суроо-талап өтүнүчтү алган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен арыз ээсине жиберилген шартта өтүнүчтү кароо мөөнөтүн 30 күнгө узартат.";
- жетинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "талап кылууга укуктуу" деген сөздөр "сурап алат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- "Өкмөт" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пунктта "чарба жүргүзүүчү субъекттин паспортун," деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пунктта "мыйзамдарында" деген сөз "Министрлер Кабинети тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 12-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "салыктык эмес кирешелер жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 13-берене "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
8) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн, анын ичинде коммерциялык жашыруун сырды ачыкка чыгарганы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.";
9) 15-берене "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
10) 17-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 18-берененин 1-бөлүгүндө "каралган мөөнөттө" деген сөздөрдөн кийин ", бирок аларды алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 20-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 25-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |