Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 52
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21, 72, 18, 181-беренелерде түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2) 3-беренеде:
а) он үчүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) он бешинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) жыйырма экинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "монополияга каршы" деген сөздөр менен толукталсын;
г) жыйырма бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"чарба жүргүзүүчү субъект - өзүнө киреше алып келүүчү ишти жүргүзгөн коммерциялык уюм жана юридикалык жактарды каттоо жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого жана (же) лицензияланууга тийиш болгон коммерциялык эмес уюм, ошондой эле киреше алып келүүчү ишти жүргүзгөн, салык мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер;";
д) отуз экинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 2-пунктунун "б" пунктчасында жана 3-бөлүктүн 3-пунктунда "же башка" деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө, "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр "Президентинин Администрациясына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4) 6-берененин 13-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "монополияга каршы" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 7-берененин 4-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "монополияга каршы" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды" деген сөздөр "азык-түлүк көз карандысыздыгын, калк үчүн азык-түлүктүн экономикалык жеткиликтүүлүгүн жана мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу учурларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
- 9 жана 10-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-пунктта расмий тилдеги "иных" деген сөз алып салынсын;
- 12-пунктта "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 91-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн 1-пункту "мыйзамдарына ылайык" деген сөздөрдөн мурда "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
в) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 10-беренеде:
1) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
9. 12-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-берене. Чарбакер субъекттердин акцияларын (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) сатып алууда монополияга каршы мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль";
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин ошол эле товар рыногунда иштеген башка чарбакер субъекттин акцияларын (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) алуусу, ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин акцияларынын контролдук пакетин (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) каалаган юридикалык жактын же жарандын сатып алуусу монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу менен жүзөгө ашырылат.";
в) 2-бөлүктө "Өкмөтүндө" деген сөз "Министрлер Кабинетинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
10) 14-берене "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "коммерциялык сыр жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 15-беренеде:
а) "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "коммерциялык сыр жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Монополияга каршы орган сурап алуучу зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
12) 16-берененин 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "монополияга каршы" деген сөздөр менен толукталсын;
13) 17-беренеде:
а) биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Монополияга каршы органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.";
14) 20-беренеде "администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө -администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда" деген сөздөр "жаза чараларын колдонуу бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-берененин 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) эл аралык жана транзиттик учууларды аэронавигациялык тейлөөнү кошпогондо, учууларды аэронавигациялык тейлөө;";
2) 3-беренеде:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 41-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пунктунда "сатууга, ижарага берүүгө же башка бүтүмгө" деген сөздөр "бардык бүтүмдөргө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- үчүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацта "баш тартууга укуктуу" деген сөздөр "баш тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чечим кабыл алуу үчүн кошумча маалымат зарыл болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган аны арыз берүүчүдөн сурап алат жана өтүнүчтү кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүү менен бирге мындай суроо-талап өтүнүчтү алган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен арыз ээсине жиберилген шартта өтүнүчтү кароо мөөнөтүн 30 күнгө узартат.";
- жетинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "талап кылууга укуктуу" деген сөздөр "сурап алат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- "Өкмөт" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пунктта "чарба жүргүзүүчү субъекттин паспортун," деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пунктта "мыйзамдарында" деген сөз "Министрлер Кабинети тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 12-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "салыктык эмес кирешелер жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 13-берене "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
8) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн, анын ичинде коммерциялык жашыруун сырды ачыкка чыгарганы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.";
9) 15-берене "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
10) 17-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 18-берененин 1-бөлүгүндө "каралган мөөнөттө" деген сөздөрдөн кийин ", бирок аларды алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 20-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 25-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 52
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)