Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 54
Тышкы чалгындоо иши жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам тышкы чалгындоо ишинин укуктук негиздерин жана аны жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугуна кепилдиктер тутумун аныктайт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) тышкы чалгындоо иши - Кыргыз Республикасынын тышкы чалгындоо органдарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чалгындык маалыматты табуу, иштеп чыгуу жана пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында мамлекет жүргүзүүчү чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү иши;
2) тышкы чалгындоо - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен тышкары улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылуучу ачык жана жашыруун чалгындоо, уюштуруу жана башкаруу чараларынын тутуму;
3) тышкы чалгындоо органдары - компетенциясына тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруу кирген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын, аскердик чалгындоо органдарынын жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрү;
4) чалгындоо маалыматы - чет мамлекеттердин, атайын кызматтардын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка, анын ичинде террористтик, сепаратисттик, экстремисттик уюмдардын, кылмыштуу топтордун (кылмыштуу уюмдардын), ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган реалдуу жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү, иш-аракеттери, пландары жана ниеттери жөнүндө тышкы чалгындоо органдары табуучу жана пайдалануучу маалыматтар.
3-берене. Тышкы чалгындоо ишинин укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу органдардын укуктук негизин түзөт.
4-берене. Тышкы чалгындоо ишинин принциптери
Тышкы чалгындоо иши төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мыйзамдуулук;
2) адамдын жана жарандын укуктарын сыйлоо жана сактоо;
3) ачык жана жашыруун усулдардын жана каражаттардын айкалышы;
4) конспирация.
5-берене. Тышкы чалгындоо ишинин милдеттери
1. Тышкы чалгындоо ишинин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин саясий, экономикалык, аскердик жана илимий-техникалык жааттарда чечим кабыл алуу үчүн зарыл чалгындоо маалыматтары менен камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жаатындагы саясатын ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү шарттарды камсыз кылуу;
3) экономикалык өнүгүүгө, илимий-техникалык прогресске жана Кыргыз Республикасынын коопсуздугун аскердик-техникалык камсыз кылууга көмөк көрсөтүү.
2. Тышкы чалгындоо иши ушул Мыйзамда каралбаган тапшырмаларды аткаруу үчүн жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.
6-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын иш чөйрөлөрү
Тышкы чалгындоо органдарынын иши өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) саясий, экономикалык, маалыматтык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдө, атайын байланыш түрлөрүн уюштуруу жана эксплуатациялоо, атайын техникалык жана башка каражаттарды пайдалануу чөйрөсүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан анын мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары иш-сапарга жиберилген, өзүнүн ишинин теги боюнча мамлекеттик сырга жеткиликтүүлүгү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бөлүмдөрү;
2) аскердик, аскердик-саясий, аскердик-техникалык, аскердик-экономикалык жана экологиялык чөйрөлөрдө аскердик чалгындоо органдары;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерди аткарууда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрү тарабынан.
7-берене. Тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруудагы конспирация
1. Тышкы чалгындоо иши төмөнкү маалыматтарды жашыруун сактоо менен жүзөгө ашырылат:
1) тышкы чалгындоо ишин уюштуруу, анын тактикасы, күчтөрү, каражаттары, усулдары, пландары, абалы, натыйжалары жана каржылануусу тууралуу;
2) тышкы чалгындоо органдарына жарандардын жардам көрсөтүүлөрү тууралуу;
3) тышкы чалгындоо органдарына купуя негизде көмөк көрсөткөн жарандар жөнүндө;
4) тышкы чалгындоо органдарынын ыкчам киргизүүгө катышып жаткан же катышкан кызматкерлери, жашыруун кызматкерлер жөнүндө жана тышкы чалгындоо органдарынын башка кызмат адамдары тууралуу;
5) тышкы чалгындоо органдары тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө жана жүзөгө ашырылуучу башка иштер тууралуу;
6) тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруудагы эл аралык кызматташтык жөнүндө.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтар мамлекеттик жашыруун сырды түзөт.
2-глава. Тышкы чалгындоо органдарынын ишин уюштуруу
8-берене. Чалгындоо ишинин усулдары жана каражаттары
1. Тышкы чалгындоо органдары тышкы чалгындоо ишин өз алдынча, ошондой эле өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
2. Тышкы чалгындоо органдары чалгындоо иши процессинде, алардын өзгөчө мүнөздөрү бул иштин шарттары менен аныкталуучу ачык жана жашыруун усулдарды жана каражаттарды пайдалануусу мүмкүн.
3. Чалгындоо ишинин усулдары жана каражаттары адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөгө тийиш.
4. Чалгындоо ишин жүзөгө ашыруу процессинде тышкы чалгындоо органдарына белгилүү болгон жеке жашоо же коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголгон башка купуя сыр жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылбоого тийиш.
5. Тышкы чалгындоо органдары чалгындоо ишинин максатына жетиш үчүн маалымат тутумдарын, видео жана аудио жаздырууну, фото сүрөткө тартууну, ошондой эле ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн талаптарына жооп берген башка усулдарды жана каражаттарды түзүүгө, сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу.
9-берене. Чалгындоо маалыматтарын берүү
1. Чалгындоо маалыматтары Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берилет.
2. Тышкы чалгындоо органдарынын жетекчилери чалгындоо маалыматтарынын аныктыгы, объективдүүлүгү жана өз убагында берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
3. Чалгындоо маалыматы берилген кызмат адамдары маалыматтагы мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды же көрсөтүлгөн маалыматтардын булактарын ачыктаган маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
10-берене. Тышкы чалгындоо иши жөнүндө маалыматтарды коргоо
1. Тышкы чалгындоо органдары тарабынан алынган чалгындоо маалыматы мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга кирет.
2. Тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашырууда тышкы чалгындоо органдарына купуя негизде көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө маалымат мамлекеттик сырды түзөт жана ушул Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык корголууга тийиш жана алардын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
3. Мамлекеттик сырды түзгөн тышкы чалгындоо иши жөнүндө маалыматтарга белгиленген тартипте жол берилген адамдар аларды ачыкка чыгарганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
4. Тышкы чалгындоо ишине тиешелүү документтер жана башка материалдар тышкы чалгындоо органдарында сакталат.
11-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын компетенциясы
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) тышкы чалгындоо органдарынын тышкы чалгындоо ишин координациялоо;
2) тышкы чалгындоо ишинин милдеттерин ишке ашырууда өз компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.
12-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын ыйгарым укуктары
1. Чалгындоо ишинин максатына жетишүү үчүн тышкы чалгындоо органдарына төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары чалгындоо ишин жүзөгө ашыруу, аны уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тактикасын аныктоо;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыгында чалгындоо маалыматын табуу;
3) жеке адамдарды алардын макулдугу менен купуя кызматташууга тартуу;
4) кадрдык курамды шифрлөө боюнча жана бул максатта башка ведомстволук таандыктыкты пайдалануу менен анын ишин уюштуруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
5) конспирация максатында тышкы чалгындоо органдарынын кадрдык курамынын кызматкерлеринин өздүгү, бөлүмдөрүнүн, уюмдарынын, имараттарынын жана транспорт каражаттарынын ведомстволук таандыктыгы шифрленген документтерди пайдалануу;
6) тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик органдар, уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүү;
7) мамлекеттик органдардан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, ишканалардан, мекемелерден зарыл болгон маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алуу;
8) укукка каршы иш-аракеттерден жана коркунучтардан өз күчүн, каражаттарын жана маалыматтарын коргоо аркылуу жеке коопсуздугун камсыз кылуу;
9) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан мекемелеринде жана алардын персоналынын коопсуздугун, маалымат коопсуздугун кошуп алганда, камсыз кылууга катышуу;
10) контрчалгындоо иши жөнүндө мыйзамга ылайык контрчалгындоо ишин жүзөгө ашыруу;
11) радиотехникалык жана радиоэлектрондук чалгындоону жүзөгө ашыруу;
12) коргоого алынган байланыш тутумдарын пайдалануу;
13) маалымат тутумдарын, байланыш жана маалымат берүү тутумдарын, маалыматты коргоо каражаттарын түзүү, сатып алуу, эксплуатациялоо, ошондой эле электрондук мейкиндикте маалымат жыйноону жүзөгө ашыруу;
14) чет мамлекеттердин чалгындоо жана контрчалгындоо кызматтары менен өз ара аракеттенүү;
15) өз ишин камсыз кылуу үчүн финансылык жана башка каражаттарды тартуу;
16) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
2. Тышкы чалгындоо органдары өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн контрчалгындоо иши жөнүндө мыйзамга ылайык иш-чараларды өткөрө алышат.
13-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлеринин укуктук абалы
1. Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери аскер кызматчылары үчүн мыйзамдарда каралган милдеттерди аткарышат, укуктарга жана жеңилдиктерге ээ болушат.
2. Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери мамлекеттин коргоосунда турат. Эч ким, мыйзамдар менен буга түздөн-түз ыйгарым укуктар берилген органдарды жана кызмат адамдарын кошпогондо, тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлеринин кызматтык ишине кийлигишүүгө укугу жок.
3. Мамлекет тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта кармалган, камакка алынган же соттолгон тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн сөзсүз бошотууга бардык чаралар аркылуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
4. Чалгындоо ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлеринин жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, ошондой эле мүлктөрүн мыйзамсыз кол салуулардан жана коркунучтардан коргоо тышкы чалгындоо органдары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте камсыз кылынат.
5. Чалгындоо ишинин максатына жетишүү үчүн тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери ведомстволук таандыктыгын ачыкка чыгарбастан жана аскердик кызматта калуу менен, мамлекеттик органдарда жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда кызмат орундарын ээлөөсү жана иштөө үчүн жиберилиши мүмкүн.
Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери тышкы чалгындоо ишинин милдеттерин ишке ашырууда тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилигине көз каранды эмес.
6. Көрсөтүлгөн органдардын жана уюмдардын кызмат адамдары кызматкерлердин тышкы чалгындоо органдарына таандыктыгы жөнүндө аларга белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
7. Тышкы чалгындоо органынын кызматкеринин макамы анын функционалдык милдеттерине шайкеш келбеген максаттарда пайдаланылышы мүмкүн эмес.
3-глава. Тышкы чалгындоо ишин жүргүзүүчү органдарга жарандардын көмөк көрсөтүүсү
14-берене. Тышкы чалгындоо органдарына купуя көмөк көрсөткөн адамдарды социалдык жана укуктук коргоо
1. Чалгындоо ишинин максатына жетишүү үчүн тышкы чалгындоо органдары купуя көмөк көрсөтүүгө макулдугун берген, жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү адамдар менен акысыз же акы төлөнүүчү негизде жабык кызматташуу мамилесин түзөт.
2. Тышкы чалгындоо органдарына көмөк көрсөткөн адамдар мамлекеттин коргоосунда турат.
3. Купуя көмөк көрсөткөн адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тышкы чалгындоо органдары аларды коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырат.
4. Тышкы чалгындоо органдарына купуя көмөк көрсөткөн адамдарды коргоо башка мамлекеттик органдар тарабынан, тышкы чалгындоо органдары менен өз ара аракеттенүү тартибинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Тышкы чалгындоо органдарына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктары жана социалдык коргоо кепилдиктери контрчалгындоо иши жөнүндө мыйзамга ылайык камсыз кылынат.
4-глава. Тышкы чалгындоо ишин финансылык камсыз кылуу
15-берене. Тышкы чалгындоо органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
1. Тышкы чалгындоо органдарынын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бөлүнүүчү каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
2. Тышкы чалгындоо ишин финансылык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5-глава. Тышкы чалгындоо органдарынын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө
16-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын ишин ведомстволук контролдоо
1. Тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилери чалгындоо иш-чараларын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
2. Тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси төмөнкүлөрдү контролдоону камсыз кылат:
1) тышкы чалгындоо ишинин уюштурулушун, тактикасын, формасын жана усулдарын, тартылган күчтөрдү жана каражаттарды;
2) чет мамлекеттердин атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;
3) тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашырууда купуялуулукту жана конспирацияны камсыз кылууну;
4) тышкы чалгындоо ишине бөлүнгөн финансылык каражаттын чыгымдалышын.
17-берене. Прокурордук көзөмөл
1. Ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын орун басары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтар прокурордук көзөмөлдүн предметине кирбейт.
6-глава. Корутунду жоболор
18-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин 2-бөлүгүн кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 56 (3391) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 25-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |