Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 53
Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217, 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1045-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пункту "изин суутпай издөө" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасы "изин-суутпай издөө" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
"Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2715-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин 2-бөлүгү "ыкчам-издөө" деген сөздөрдөн кийин ", контрчалгындоо" деген сөз менен толукталсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 25-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 53
Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча
айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217, 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 конституциялык Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1045-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пункту "изин суутпай издөө" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене
Ушул Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 60-61) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 25-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |