Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 25-июлу № 69
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 29-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Билим берүү уюмдарынын педагогдорун саясий иш-чараларга тартууга тыюу салынат.";
3) 38-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-берене. Билим берүү уюмдарын башкаруу
Билим берүү уюмдарын башкаруу демократиялуулук, борборлоштуруудан окчундоо, өз алдынчалуулук жана өз алдынча башкаруу принциптеринде курулат.
Жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар, педагогдук жана башка кеңештер же комитеттер билим берүү уюмдарын тең башкаруунун формасы болуп саналат. Тең башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциялары, кеңеш жана билим берүү уюмунун жетекчисинин ортосундагы ыйгарым укуктарды ажырымдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат. Билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти ректор, директор, башчы же башка жетекчи (администратор) жүзөгө ашырат.
Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектептердин, балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын мектептен тышкаркы, атайын жана кошумча билим берүү уюмдарынын, кесиптик башталгыч жана кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдардыкы билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органы тарабынан дайындалат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
"Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Мамлекеттик, анын ичинде "Улуттук" деген статусу бар жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчилери кызмат ордуна 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин ишин бир эле мамлекеттик жогорку окуу жайында 10 жылдан ашык жүргүзө албайт.
Мамлекеттик, анын ичинде "Улуттук" деген статусу бар жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик, анын ичинде "Улуттук" деген статусу бар жогорку окуу жайынын жетекчиси кызмат ордунан бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы анын милдеттерин аткарууну, жаңы жетекчи дайындалганга чейин, жетекчинин орун басарларынын бирине убактылуу жүктөйт. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматкерлерди кызмат ордунан бошотууга же дайындоого укуксуз.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 29-июлундагы № 66(3401) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 30-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |