Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 12-апрели № 62
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 712-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
1. Ушул Мыйзамдын максаты - биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу тартибин укуктук регламенттештирүү болуп саналат.
2. Биометрикалык маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, сактоонун жана пайдалануунун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик колдонуу;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү;
3) инсанды идентификациялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.";
2) 6-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Биометрикалык маалыматтар базасында камтылган биометрикалык маалыматтарды коргоо ушул Мыйзамга, жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Биометрикалык маалыматтар базасынан маалыматтарды, кабарларды берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясында, жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү, мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жүзөгө ашырылат. Субъекттердин биометрикалык маалыматтары жөнүндө маалыматты берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
4) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу
1. Биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалымат алуу "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык биометрикалык маалыматтардын субъектисинин макулдугу болгондо жүзөгө ашырылат.
2. Биометрикалык маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалыматты алуу сот адилеттиги жүзөгө ашырылган жана сот актысы аткарылган учурларда гана, ошондой эле улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, изин суутпай издөө ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 2-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |