Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 1-августу № 74
2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган AfoCO депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 5-августундагы № 68 (3403) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 30-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |