Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 1-августу № 73
2022-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2022-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондуна кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 5-августундагы № 68 (3403) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 30-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |