Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 23-июну № 48
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
"191) тарыхый чыгымдар - алар жөнүндө маалымат Мамлекеттик геологиялык маалыматтык фонддо болгон лицензияланган аянтты геологиялык изилдөө жана кендерди геологиялык чалгындоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө мамлекет жумшаган өткөн жылдардагы суммалык чыгымдар;";
2) 20-берене төмөнкүдөй мазмундагы 19 жана 20-пункттар менен толукталсын:
"19) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди кошпогондо, ошондой эле мындай товарлар же кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн учурларда Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеминде 80 пайызын сатып алууга. Мында, эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүп жаткан товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жер казынасын пайдалануучунун муктаждыктарын толук өлчөмдө жаппаса, ал жетпей жаткан көлөмдү кийин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактан сатып алууга укуктуу;
20) эгерде Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жумуштарга тартылган персоналдын жалпы штаттык санынан кызматкерлердин кеминде 90 пайызын Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жалдоого.";
3) 21-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин арыз берилгенде, лицензиаттын арызы боюнча узартылат.";
4) 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Тарыхый чыгымдардын наркын аныктоо, эсептөө жана төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.";
5) 23-берененин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунда:
а) "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 19 жана 20-пункттарында белгиленген талаптар;";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы "ж-1" пунктчасы менен толукталсын:
"ж-1) мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар юридикалык жактарга уставдык капиталдын үлүшүн берүү жөнүндө сунуш. Бериле турган үлүштүн өлчөмүн аныктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт;";
6) 24-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны жана мамлекетке үлүштү сунуш кылган талапкер аукциондун жеңүүчүсү деп эсептелет. Бериле турган үлүштүн өлчөмүн аныктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.";
7) 26-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:
"7) конкурс өткөрүү аркылуу жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторуна берилген лицензияларды кошпогондо, жумуштарды долбоорлоо боюнча лицензиялык макулдашуунун шарттарын 2 жылдан ашык аткарбоо;
8) "Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу (жумуштарды жүргүзүү).";
8) 37-берененин 1-бөлүгүндө ", радиоактивдүү заттар" деген сөздөр алып салынсын;
9) 49-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо рекультивациялоонун техникалык долбооруна ылайык жүргүзүлөт. Пайда болушу жерлердин бузулушу менен байланышкан өзүнүн инфраструктуралык жана технологиялык объекттери бар техникалык долбоордун негизинде жер астындагы суулар алынган учурду кошпогондо, жер астындагы суулар алынган учурда жер участогун рекультавациялоо талап кылынбайт. Жер астындагы сууларды алуу үчүн скважиналар жок кылынбайт, бирок суу ресурстарын эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоор боюнча консервацияланат жана анын балансына өткөрүп берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 28-июнундагы № 56 (3391) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 18-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |