Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 1-августу № 71
2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте өзбек тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |