Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 3-августу № 78
2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |