Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 3-августу № 79
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө";
2) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) преамбуланын экинчи бөлүгүндө:
а) бөлүк "медициналык буюмдарга" деген сөздөн кийин ", ветеринардык препараттарга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) "ветеринардык препараттарга" деген сөздөр алып салынсын;
4) 1-статьяда:
а) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) - жеке ишкерлер катары катталган юридикалык жана жеке жактардын продукцияга карата техникалык регламенттердин талаптарын сактоосуна текшерүү жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылуучу ыйгарым укуктуу органдардын иши;";
б) он алтынчы-он сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайкештикти тастыктоо - продукциялардын жана долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдердин шарттарына шайкештигин документтик ырастоону тастыктоочу жол-жоболор;";
в) отуз биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"техникалык регламент - продукцияга жана/же ага байланыштуу долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо, утилдештирүү процесстерине карата колдонууга жана аткарууга милдеттүү болгон талаптарды, ошондой эле белгиленген милдеттүү талаптарга алардын шайкештигин баалоо формаларын жана жол-жоболорун белгилөөчү документ;";
г) отуз бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"билдирүүчү - жеке ишкер катары катталган, даярдоочу же сатуучу, же даярдоочу тарабынан шайкештикти тастыктоо үчүн шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган же шайкештик сертификатын алуу үчүн кайрылуучу ыйгарым укук берилген жак болуп саналган юридикалык же жеке жак;";
д) отуз сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"техникалык жөнгө салуунун объекти - продукция жана/же продукция жана продукцияга карата талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери;";
е) кырк төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ыйгарым укук берүү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте шайкештикти баалоо боюнча органга шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча белгилүү бир ишти аткаруу укугун берүү;";
ж) статья төмөнкүдөй мазмундагы элүү төртүнчү-элүү жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"стандартташтыруу боюнча документ - стандартташтыруу чөйрөсүндөгү иштин ар кандай түрлөрүнө тийиштүү ченемдерди, эрежелерди, мүнөздөмөлөрдү, принциптерди белгилөөчү документ;
даярдоочу - өзүнүн атынан өндүрүштү же продукцияны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу жана алардын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги үчүн жооптуу жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу;
даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген жак - жеке ишкер катары катталган, продукциянын шайкештигин баалоодо жана Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгарууда чет өлкөлүк даярдоочу менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол даярдоочунун атынан аракеттенген, ошондой эле продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тарта турган юридикалык же жеке жак;
сертификаттоо боюнча эксперт (эксперт-аудитор) - белгилүү бир жааттагы продукциянын шайкештигин тастыктоо үчүн компетенттүүлүккө ээ болгон жана продукцияны сертификаттоо боюнча органда продукциянын шайкештигин тастыктоо боюнча иш жүргүзүүчү жеке жак.";
5) 2-статьяда:
а) он биринчи абзацта "атайын" деген сөз алып салынсын;
б) он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бир уюмда аккредитациялоо, шайкештикти тастыктоо жана мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды айкалыштырууга жол берилбестиги;";
6) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
1. Техникалык жөнгө салуу жаатындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу максатында техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) иштерди координациялоо жана техникалык жөнгө салуу тутумунун катышуучуларынын ишин методологиялык камсыздоо;
2) аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жарандык коомдун сунуштарынын негизинде Техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу программасын түзүү боюнча иштерди координациялоо жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө берүү;
3) техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды кабыл алуу жана актуалдаштыруу боюнча иштерди координациялоо жана уюштуруу;
4) эксперттик комиссияларда техникалык регламенттердин долбоорлоруна талдоо жүргүзүү боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылуу;
5) техникалык жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик органдардын тармактар аралык иштерин координациялоону жүзөгө ашыруу;
6) техникалык жөнгө салуу боюнча интеграцияланган маалыматтык тутумдун иштөөсүн камсыз кылуу;
7) техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
2. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) функцияларын жүргүзүүгө укуксуз.
3. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган Дүйнөлүк соода уюмунун соодадагы техникалык бөгөттөр боюнча макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат.";
7) 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41. Эл аралык, мамлекеттер аралык жана региондук, анын ичинде улуттук стандарттарды колдонуу, продукцияны маркалоодо, эксплуатациялык же башка документтерде аталган стандарттардын белгилери колдонулган учурда, даярдоочу үчүн милдеттүү болуп саналат.";
8) 16-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл аралык, региондук стандарттар жана башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары, региондук эрежелер топтому жана чет мамлекеттердин эрежелер топтому, региондук классификаторлор (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору Кыргыз Республикасында стандартташтыруу боюнча улуттук орган аныктаган методикага ылайык стандартташтыруу боюнча улуттук документтер катары кабыл алынат.";
9) 18-статьянын алтынчы бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Техникалык регламенттердин айрым талаптарына карата колдонулуучу эрежелердин региондук топтому жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынат.";
10) 19-статьянын төртүнчү бөлүгү "органга" деген сөздөн кийин "же профилдик ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 21-статьянын 1-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайкештикти тастыктоо боюнча ишти мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү боюнча иш менен айкалыштырууга жол берилбестиги.";
12) 23-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо билдирүүчү менен сертификаттоо боюнча органдын ортосундагы келишимдин шарттарында билдирүүчүнүн демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. Шайкештикти ыктыярдуу тастыктоо келишимдин стандарттарына жана шарттарына шайкештикти аныктоо үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайкештиги милдеттүү тастыкталууга тийиш болгон продукциянын тизмегине кирбеген, техникалык регламенттер колдонулбай турган продукция гана шайкештикти ыктыярдуу тастыктоонун объектиси боло алат.";
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ыктыярдуу сертификаттоо тутуму юридикалык жак тарабынан түзүлөт. Ыктыярдуу сертификаттоо тутумун түзгөн юридикалык жак сертификаттоого тийиш болгон, аларга шайкештиги боюнча ыктыярдуу сертификаттоо жүзөгө ашырыла турган обьекттердин тизмегин жана алардын мүнөздөмөлөрүн, ыктыярдуу сертификаттоонун ушул тутумунда каралган иштерди аткаруунун эрежелерин жана аларга төлөө тартибин, берилген сертификаттардын реестрин жүргүзүүнү белгилейт жана ушул ыктыярдуу сертификаттоо тутумунун катышуучуларын аныктайт. Сертификаттоо тутумунда шайкештик белгисин колдонуу каралышы мүмкүн.";
13) 26-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү тастыктоонун формасы катары
1. Сертификаттоо шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы катары сертификаттоо боюнча органга билдирүүчүнүн кайрылуусу боюнча жүзөгө ашырылат. Конкреттүү продукцияны сертификаттоо үчүн колдонулуучу сертификаттоонун схемалары тиешелүү техникалык регламент менен аныкталат.
Продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги сертификаттоо боюнча орган тарабынан билдирүүчүгө берилген шайкештик сертификаты менен тастыкталат.
Сертификаттоо боюнча орган сертификаттоо боюнча органдын штатында сертификаттоо боюнча бир органда эмгек келишиминин негизинде шайкештикти баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашоочу, аккредитация жаатына ылайык келген иштин ар бир багыты боюнча шайкештикти тастыктоо жаатында сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) болушун камсыз кылууга тийиш.
Сертификаттоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго) карата талаптар, алардын компетенттүүлүгүн тастыктоо, сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Шайкештик сертификатын колдонуу мөөнөтү техникалык регламент менен аныкталат.
3. Шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоодо сертификаттын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
14) 27-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй редакциядагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Сертификаттоо боюнча орган менчик укугунда же түзүлгөн расмий келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде продукцияны сыноону камсыз кылуучу аккредиттелген лабораторияларды пайдаланууга тийиш.";
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Сертификаттоо боюнча орган:
техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) белгиленген талаптарга ылайык сертификаттоо жол-жобосун жүргүзөт, эгерде мындай контроль тиешелүү сертификаттоо схемасында каралса, сертификаттоо объекттерин контролдоону жүзөгө ашырат;
аларга берилген шайкештик сертификатынын колдонулушун токтотуп турат же жокко чыгарат;
сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө билдирүүчүгө маалымдоону камсыз кылат;
берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт.";
15) 29-статьянын 1-пунктунда "ушул Мыйзамдын 30-статьясына ылайык таанылган" деген сөздөр алып салынсын;
16) 30-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 31-статьянын 1-пунктунун бешинчи абзацында жана 2-пунктунун төртүнчү абзацында "атайын" деген сөз алып салынсын;
18) 33-статьянын 1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аккредитациялоо, шайкештикти тастыктоо жана мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча функцияларды бир уюмда айкалыштырууга жол берилбестиктин.";
19) 34-статьянын бүткүл тексти боюнча "атайын" деген сөз алып салынсын;
20) 36-статьяда "атайын" деген сөз алып салынсын;
21) 37-статьяда:
а) аталышында жана статьянын бүткүл тексти боюнча "атайын" деген сөз алып салынсын;
б) 3-пунктта "Атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 38-статьяда:
а) аталышында жана статьянын бүткүл тексти боюнча "атайын" деген сөз алып салынсын;
б) расмий тилдеги 1-пунктта "Специально уполномоченные" деген сөздөр "Уполномоченные" деген сөзгө алмаштырылсын;
23) 39-статьянын 1-пунктунда "атайын" деген сөз алып салынсын; "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 44-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасында "атайын" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 29-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |