Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 4-августу № 80
2022-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2022-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 30-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |