Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 81
Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-статья "баалуу кагаздар," деген сөздөрдөн кийин "виртуалдык активдер," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Виртуалдык активдер түшүнүгү жана анын түрлөрү, ошондой эле виртуалдык активдерди жүгүртүү өзгөчөлүктөрү виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.".
2-берене.
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
"19) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы "турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө," деген сөздөрдөн кийин "виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 62-пункт менен толукталсын:
"62) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн иши.".
4-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
50-берененин 13-бөлүгү "товардык биржанын" деген сөздөрдөн кийин ", виртуалдык активдердин сатык операторунун (криптобиржа)" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
"Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2022-жылдын 28-январы, № 12) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) "виртуалдык актив - наркка ээ болгон, баалуулуктун санариптик туюндурмасы жана/же мүлктүк жана/же мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрүү каражаты болуп саналган, бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологиясын же ошого окшош технологияны пайдалануу менен түзүлүүчү, сакталуучу жана жүгүртүлүүчү жана акча бирдиги (валюта), төлөм каражаты жана баалуу кагаз болуп саналбаган электрондук-санариптик формадагы маалыматтардын жыйындысы;".
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |