Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 84
Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" газетасы, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Мамлекеттик жана муниципалдык жер участогун пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктештигине өткөрүп берүү менен турак же турак эмес жайларды жеке менчикке сатып алганда токтотулат.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикке.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |