Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 84
Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) жерди мамлекеттик пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашырып жаткан, калктуу конуштун чегинде жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга алган, уставдык капиталга мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;";
2) 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Мамлекеттик жана муниципалдык жер участогун пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктештигине өткөрүп берүү менен турак же турак эмес жайды жеке менчикке сатып алганда токтотулат.";
3) 23-статьяда:
а) 2-пункт "же күрөөгө коюлушу менен" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-пункт "жер үлүшүн бергенден" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыргандан" деген сөздөр менен толукталсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Көп квартиралуу үйдү белгиленген тартипте эксплуатациялоого берүүдө менчигинин түрүнө карабастан укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн чектерде үйдүн жанындагы жер участогун берүү учурларын кошпогондо, уставдык капиталга мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашырып жаткан жерди мамлекеттик пайдалануучу калктуу конуштун чегиндеги өзүнө берилген жер участогун пайдалануу укугунан ажыратууга укуксуз.
Мамлекеттин уставдык капиталына жүз пайыз катышуусу менен ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашырып жаткан жерди мамлекеттик пайдалануучу калктуу конуштун чегиндеги жер участогун пайдалануу укугун төмөнкүлөргө берүүгө укуктуу:
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу жана/же инвестициялык макулдашуулар колдонулган мезгилде мамлекеттик турак жай программасынын алкагында жеке өнөктөшкө жана/же объекттерди куруучуга;
- эксплуатацияга берилгенден кийин, чет өлкөлүк жактардын катышуусусуз турак жайдын менчик ээлеринин шериктештигине жана/же квартиралардын жана (же) турак эмес жайлардын (көп квартиралуу үйдүн) менчик ээлерине.";
4) 29-статьяда:
а) 1-пунктта "5 жана 6-пункттарында" деген сөздөр "5-9-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пункттар менен толукталсын:
"7. Мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн алмашуу (алмаштыруу) жолу менен тооруктарды өткөрбөстөн мамлекеттик менчикте турган жер участогун менчикке же мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө жол берилет.
8. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган калктуу конуштун чегиндеги жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында уставдык капиталга мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жай кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мөөнөтсүз пайдаланууга берилиши мүмкүн.
9. Мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй жер участогун белгиленген тартипте берүүгө жол берилет:
1) мамлекеттик менчикте турган жер участогун жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга;
2) муниципалдык менчикте турган жер участогун жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга.";
5) 66-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыздык катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилген, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жер участогун максаттуу пайдаланбаганда.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" газетасы, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Мамлекеттик жана муниципалдык жер участогун пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктештигине өткөрүп берүү менен турак же турак эмес жайларды жеке менчикке сатып алганда токтотулат.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикке.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 84
Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)