КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 9-августу № 90
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
46-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк инвестор менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы келишимде бейтарап макулдашуу болбогондо, чет өлкөлүк инвестор талаш-тартышты чечүү үчүн бейтарап териштирүүнү демилгелөөгө укуктуу. Бул учурда чет өлкөлүк инвестор талаш-тартышты кароо үчүн "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясында белгиленген тартипте ушул статьяда көрсөтүлгөн каалаган органды тандап алууга укуктуу.";
б) төртүнчү бөлүктө "жана Кыргыз Республикасы талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна берүүгө макулдугун берди деп эсептелинет" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |