Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 2-августу № 77
2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынан гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу
1-берене
2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынан гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Индия тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 68(3403) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 22-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |