Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 86
"Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) кепилдик фонд - акционердик коом формасында түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) эсептик каттоонун жол-жобосунан өткөн жана кепилдик ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
2) кардар - милдеттенмелеринин бөлүгү финансы-насыялык уюм менен каржылоо келишими боюнча кепилдиги камсыз болгон ишкердик субъекти жана мамлекеттик турак-жай программаларынын катышуучусу;
3) ишкердик субъекти - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенүүчү жеке жак жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталган юридикалык жак;
4) мамлекеттик турак-жай программаларынын катышуучусу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик турак-жай программаларын ишке ашыруунун алкагында турак-жайга каржылоо алууга арыз берген жана тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жараны;
5) кардардын милдеттенмелери - финансы-насыялык уюмдан алынган каржылоонун алкагында пайда болгон жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүчү милдеттенмелер;
6) кепилдик - берилген кепилдиктин суммасынын чегинде каржылоо келишимдери боюнча кардардын негизги карызы боюнча милдеттенмелердин бөлүгүн аткаруу үчүн кепилдик фонддун финансы-насыялык уюмдун алдында жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси;
7) кепилдик иши - кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү, кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча кепилдиктерди берүү жана башка кепилдик инструменттери аркылуу финансы-насыялык уюмдардын насыялык тобокелдиктеринин бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш;
8) кепилдиктерди берүү саясаты - кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү, кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын, кепилдик инструменттеринин түрлөрүн, кепилдиктерди берүүнүн принциптерин, кардарлардын милдеттенмелерин тандоонун критерийлерин жана талаптарын, ошондой эле тараптардын кепилдигинин амортизациялоо шарттарын жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү документ;
9) кепилдик инструменттери - каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу кепилдиктердин ар кандай формаларынын жана түрлөрүнүн жыйындысы;
10) финансы-насыялык уюмдар - Улуттук банк тарабынан аларга берилген лицензиялардын (күбөлүктөрдүн) негизинде банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ банктар, банктык эмес финансы-насыялык уюмдар, ошондой эле насыя берүүнү (каржылоону) жүзөгө ашыруучу жана кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн эл аралык уюмдар;
11) каржылоо - финансы-насыялык уюмдар тарабынан ипотекалык/коммерциялык насыяларды жана алардын алмаштыруучуларын берүү, ошондой эле каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу бүтүмдөр/операциялар;
12) мультипликатор коэффициенти - кепилдик фонддун жеке капиталынын өлчөмүнө карата кепилдик портфелдин көлөмүнүн мүмкүн болушунча ашуусуна Улуттук банк белгилеген мамиле;
13) кепилдик портфель - кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча белгилүү бир күнгө карата кепилдик фонддун жалпы милдеттенмелеринин көлөмү;
14) регресстик талап - кепилдик фонддун кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-насыялык уюм тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү кардардан талап кылуу укугу;
15) кепилдик фонддордун катышуучулары - кепилдик фонддордун уюштуруучулары жана акционерлери.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача аныкталбаса, ушул Мыйзамда пайдаланылуучу башка терминдер жана аныктамалар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык практикада алардын жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүнүлөт.";
2) 4-беренеде:
а) 4-бөлүктө "ишкердик субъекттеринин" деген сөздөр "кардарлардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 5-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жеке өзү же башка жактар менен биргелешип кепилдик фонддун уставдык капиталындагы акциялардын жыйындысында 10 пайызынан ашыгын сатып алууга, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу ниеттенген каалаган жеке же юридикалык жак болбосун Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.";
4) 6-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй башкаруу органдарын түзөт:
1) акционерлердин жалпы чогулушу - фондду башкаруунун жогорку органы;
2) директорлор кеңеши - акционерлердин жалпы чогулуштарынын аралыгындагы мезгилде коомго жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу фонддун башкаруу органы. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана фонддун уставында каралган тартипте 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шайланат;
3) башкарма - фонддун учурдагы ишин жетектөөнү жүзөгө ашыруучу орган. Башкарманын мүчөлөрү директорлор кеңеши тарабынан "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана фонддун уставында каралган тартипте 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шайланат;
4) текшерүү комиссиясы - фонддун финансылык-чарбалык ишине контролду жүзөгө ашыруучу контролдук орган. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайланат.
2. Кепилдик фонддордун башкаруу органдарынын иши, укуктук статусу жана компетенциясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, кепилдик фонддун уставында жана ички ченемдик документтеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
5) 7-берененин 2-бөлүгүндө "ишкердик субъекттеринин" деген сөздөр "кардарлардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 9-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кызмат көрсөткөндүгү үчүн сыйакы төлөөнүн өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен келишимге жана/же макулдашууга ылайык кепилдик фонддор тарабынан өз алдынча белгиленет.";
7) 12-14-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Кепилдиктерди берүү
Кепилдиктерди берүү саясатына ылайык кепилдик кардардын финансы-насыялык уюмдун алдындагы милдеттенмесинин бөлүгүнө берилет.
13-берене. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары
1. Кепилдиктерди берүү тууралуу түзүлгөн келишимдер жана/же макулдашуулар боюнча кепилдик фонддун жоопкерчилик көлөмү кардардын финансы-насыялык уюмдун алдындагы негизги милдеттенмелердин (каржылоонун негизги суммасынын) көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш.
2. Бир адамга же байланышы бар жактардын тобуна кепилдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
3. Кепилдик берүү келишимдин жана/же макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат, кайтарымдуу болуп саналат жана сыйакынын өлчөмү фонддун уставында каралган кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.
4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды эске албаганда, кепилдиктер Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана берилет.
5. Мультипликатор коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленет.
14-берене. Кепилдик фонддун жоопкерчилиги
1. Кардардын милдеттенмелеринин кепилдик менен камсыздалган бөлүгүн аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн кепилдик фонддун жоопкерчилиги кепилдиктерди берүү саясаты жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы-насыялык уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.
2. Кепилдик фонд пайыздарды, үстөк айыпты, айып пулду, туумду, комиссияларды төлөө бөлүгүндө каржылоо боюнча кардарлардын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылбайт.
3. Кардардын милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча кепилдик фонддун милдети кардар каржылоонун кайтарып берүү мөөнөттөрүн бузганда келип чыгат. Мында финансы-насыялык уюм Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерди кардар аткарбаган күндөн тартып кардар тарабынан келишимдин шарттарынын бузулганы тууралуу кепилдик фондго жазуу жүзүндө кабарлайт.
Кепилдик фонддун ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн милдети карызды өндүрүп алуу боюнча кепилдиктерди берүү саясатында каралган зарыл чаралардын финансы-насыялык уюм тарабынан ишке ашырылганын тастыктаган, кепилдиктерди берүү саясатында каралган тиешелүү документтер топтомун финансы-насыялык уюм бергенден кийин келип чыгат.
4. Тизмеги кепилдиктерди берүү саясатында аныкталган карызды өндүрүп алуу боюнча зарыл чаралардын финансы-насыялык уюм тарабынан ишке ашырылуусу боюнча документтердин толук топтому берилгенден кийин кепилдик фонд финансы-насыялык уюм менен кызматташуу тууралуу түзүлгөн макулдашуунун тартибинде жана шарттарында кепилдиктер боюнча талапты аткарат.
5. Ушул беренеде каралган талаптар кепилдик фонд тарабынан аткарылган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө каржылоо келишими боюнча финансы-насыялык уюмга кепилдик фонд тарабынан төлөнүп берилген сумманы кайтаруу боюнча peгpecc тартибинде кардардан талап кылуу укугуна ээ болот.
6. Карызкор кардарга карата регресстик талаптарды канааттандырууда кепилдик фонд тарабынан алынган каражаттар кепилдик фонддун тескөөсүндө калат жана кепилдик фондду өнүктүрүүгө багытталат.";
8) 15-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кепилдиктерди берүүдө кардарлар менен өз ара иш алып баруунун алкагында кепилдик фонд тарабынан же кардар менен кепилдик фонддун өз ара мамилесине байланышкан башка жол менен алынган же болбосо кепилдик фонд тарабынан түзүлгөн ар кандай маалыматтар банктык сырга тийиштүү маалымат болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
9) 23-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кепилдик фонд жоюлган учурда активдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 12-августунда № 70(3405) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 30-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |