Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 83
2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча япон тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августунда № 69(3404) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 30-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |