Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 82
"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 4, 297-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын реестри - мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулар жөнүндө маалыматты камтуучу электрондук маалыматтар базасы. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 2-берене "муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр" деген сөздөрдөн кийин ", социалдык тейлөө" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 5-берененин 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) адам укуктары, анын ичинде расалык, этностук, диний, гендердик же басмырлоонун башка бардык формаларын жоюу, ошондой эле адам сатуунун курмандыктарын коргоо;";
4) 6-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасындагы мамлекеттик социалдык заказ мамлекеттик социалдык заказдарды аткаруучулардын реестрине киргизилген ушул кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тармагы бар болгон учурда, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн колдонулат.";
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 61-берене менен толукталсын:
"61-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын программасын иштеп чыгуу, коомдук талкуудан өткөрүү жана бекитүү тартиби
1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууну пландаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттик социалдык заказдын программасынын долбоорун (мындан ары - программанын долбоору) иштеп чыгат.
2. Мамлекеттик социалдык заказдын программасынын долбоору 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө иштелип чыгат.
3. Мамлекеттик социалдык заказдын программасын иштеп чыгуу, коомдук талкууну өткөрүү жана бекитүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.";
6) 7-берененин аталышындагы жана текстиндеги ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "маалымат базасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "маалыматтар реестри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 8-10-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 11-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик социалдык заказды каржылоо республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.";
б) 4-бөлүктүн 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн бюджеттик эмес каражаттарды тартуу максатында мамлекеттик эмес субъекттер - эл аралык уюмдар, башка өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдары, ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке менчик юридикалык жана жеке жактар менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган учурларда келишимдик акысыз (гранттык) негизде каражаттарды тартууга укуктуу.";
9) 12-беренеде:
а) 2-бөлүктө "21" деген цифралар "15" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 5 жана 6-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 17-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) гранттык комиссия келип түшкөн долбоордук сунуштарды карап чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген долбоордук сунуштарды баалоо критерийлерине ылайык конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт;";
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 19-24-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 28-берененин 1-бөлүгүндө "30" жана "40" деген цифралар тийиштүүлүгүнө жараша "20" жана "30" деген цифраларга алмаштырылсын;
13) 29-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 32-берененин 7-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 34-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо механизминде бюджеттик каражаттардын каалагандай негизде, анын ичинде жеке же башка себептер боюнча берилишин болтурбоо үчүн долбоордук сунуштарды калыс жана объективдүү баалоо караштырылууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү, анын ичинде гранттарды берүү, гранттык комиссиянын ишинин жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга карата конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо, аларды табуу жана жоюу боюнча механизмдерди өзүнө камтууга тийиш.";
16) 35-берененин 1-бөлүгүндө "30" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
17) 38-берененин 5-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 41-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 44-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 51-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 52-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 58-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 59-беренеде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 61-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн алынган бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу соттук тартипте аныкталган учурда мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуну мамлекеттик социалдык заказды ак ниет эмес аткаруучулардын реестрине киргизет жана каражаттарды максатсыз пайдалануунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.";
25) 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 611-берене менен толукталсын:
"611-берене. Мамлекеттик социалдык заказ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун баалоо
Мамлекеттик социалдык заказ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августунда № 69(3404) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 30-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |