Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 10-октябры № 94
Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 134587261 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 154450576,7 миң сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 19863315,7 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилсин.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 8-сентябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |