Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 9-августу № 89
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Мунапыс берүү негиздери жапа аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 58-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул Кодекстин 122-беренесинин 2-бөлүгү, 137-беренеси, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту жана 3-бөлүгү, 158-беренеси, 159-беренесинин 3-бөлүгү, 160-беренесинин 2-бөлүгү, 162, 252, 331, 402, 403, 404, 405, 406, 407, 408, 409, 410, 411, 414-беренелери менен каралган кылмыштар жасалган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.";
2) 68-берененин 1-бөлүгүндө "154-беренесинин 4-бөлүгүндө, 155-беренесинин 4-бөлүгүндө" деген сөздөр "154-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө, 155-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө, 156-беренесинин 3-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 89-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) баланын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар үчүн;";
4) 119-беренеде:
а) "Кылмыш" деген сөз "1. Кылмыш" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Балдардын жыныстык кол тийбестигине жана (же) руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасаган, кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын бузуучу ооруга чалдыккан адамга өзүнүн аракеттерин аңдап билүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин сот тарабынан жаза колдонулат. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакытты эсептөө ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.";
5) 154-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"он беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
6) 155-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"он беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
7) 156-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "беш жылдан сегиз" деген сөздөр "он жылдан он беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
8) 157-беренеде:
а) биринчи абзацта "154 жана 155-беренелеринде" деген сөздөр "154, 155 жана 156-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзацта "жети" деген сөз "сегиз" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) 158-берененин экинчи абзацындагы "беш" деген сөз "жети" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 159-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Балага карата жасалган ошол эле жосун, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
11) 160-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
12) 162-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "500дөн 1000" деген сөздөр "1000ден 2000" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үч жылдан алты" деген сөздөр "беш жылдан он" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "алты жылдан сегиз" деген сөздөр "алты жылдан он" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене.
"Мунаныс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 7-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
7-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пунктта "билип туруп жашы жетелек кызга" деген сөздөр "балага" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-пунктта "билип туруп жашы жетелек балага (жашы жетелек кызга)" деген сөздөр "балага" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы пункттар менен толукталсын:
"61) балага карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо;
62) он алты жаш курагына толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер;
63) балдарды пайдалануу менен жасалган сойкулукка жана ыплас аракеттерге көмөктөшүү;
64) баланы сойкулук менен алектенүүгө тартуу;
65) баланы порнобизнеске тартуу;".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 12-августундагы № 70 (3405) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жыныстык кол тийбестикке балдардын укуктарын коргоо жана алардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштарга бөгөт коюу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча чараларды алты айлык мөөнөттө кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 30-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |