Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 24-октябры № 99
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Темир жол транспорту жөнүндө" жана "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 839-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн жана почта аркылуу жөнөтүүлөрдү темир жол транспорту менен ташууну жүзөгө ашырууда ташуучулардын, мамлекеттик органдардын, жүргүнчүлөрдүн, жүк жөнөтүүчүлөрдүн (жөнөтүүчүлөрдүн), жүк алуучулардын (алуучулардын), жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Темир жол транспорту Кыргыз Республикасынын бирдиктүү транспорт тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Темир жол транспорту жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунан, жалпы пайдалануудагы эмес темир жол транспортунан, ошондой эле технологиялык темир жол транспортунан турат.";
3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-берене менен толукталсын:
"11-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары, милдеттери жана принциптери
1. Ушул Мыйзамдын максаттары болуп темир жол транспортунун транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракетте иштешин камсыз кылуу, мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн өз убагында камсыз кылуу, экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы экономикалык мейкиндик бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттин жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу;
2) жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо;
3) коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгын камсыз кылуу, темир жол кызмат көрсөтүүлөрүнүн ички рыногун коргоо;
4) темир жол ташууларын коопсуз аткаруу үчүн шарттарды түзүү.
3. Темир жол транспортунун иштеши төмөнкүдөй принциптердин натыйжасында жүзөгө ашырылат:
1) инфратүзүмдүн жана инфратүзүмдүн алкагындагы ташуу процессин борборлоштурулган диспетчердик башкаруунун бүтүндүгүн сактоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
2) магистралдык темир жол тармагын жана темир жол транспортунун кыймылдуу курамын өнүктүрүү;
3) темир жол транспортунун ишинин туруктуулугу жана динамикалык өнүгүшү;
4) ташууларды өнүктүрүү;
5) көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;
6) темир жол транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу;
7) атаандаштыкты өнүктүрүү жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн өнүккөн рыногун калыптандыруу;
8) мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу;
9) мамлекеттин бирдиктүү транспорт тутумунун макулдашуу менен иштөөсү;
10) темир жол транспортун өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик органдардын чарбалык иштерге мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жол бербөө максатында эркин ишкердик үчүн шарттарды түзүү;
11) айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу;
12) темир жол транспортунун мобилизациялык даярдыгын колдоо.";
4) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын күчү менчигинин түрүнө карабастан темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучу темир жол транспорту чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
Аскердик темир жол ташууларын камсыз кылууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөр жана коргонуу чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.";
5) 3-беренеде:
а) 38-пункттагы "темир жол байланыш түзүлүштөрү" деген сөздөр "темир жол сигнализациясынын жана байланышынын түзүлүштөрү жана курулмалары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 46 жана 47-пункттар менен толукталсын:
"46) ташуу акысы - темир жол транспорту менен жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн төлөнүүчү акы;
47) технологиялык темир жол транспорту - товарларды ташууга жана темир жол кыймылдуу курамы менен баштапкы жана акыркы операцияларды аткарууга багытталган темир жол транспорту.";
6) 5-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 6-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 11-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү белгилөө тартиби, алардын өлчөмдөрү, ушул максаттар үчүн бөлүнгөн жерлерди эксплуатациялоо эрежелери, аларды карап-күтүү, оңдоп-түзөө, куруу жана пайдалануу режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
9) 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Эл аралык ташууларды камсыздандыруу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.";
10) 22-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 940-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы преамбула менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын максаты жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү ташуучу автобустар, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер менен, анын ичинде автомобилдик чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди пайдалануу менен ташууларды камсыз кылууга багытталган автомобиль транспорту жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин түзүү болуп эсептелет.".
3) 5-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын.
4) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктүн:
- 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктунда "ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндө мыйзамдардын" деген сөздөр "ЕАЭБдин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу" техникалык регламентинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 8-берененин 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 9-берененин 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
7) 13-берененин 8-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр ", анын ичинде электрондук түрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 16-берененин 2 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 19-берененин 1-бөлүгү:
а) 6-пунктунда "жана Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык каралган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-пунктунда "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз. Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилеген ченемдердин чектеринде" деген сөздөр алып салынсын;
10) 21-берененин 4-бөлүгүнүн 8-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
11) 29-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жүк ташууну тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу максатында, жүк жөнөтүүчү товардык-транспорттук баракчага санитардык, бажылык, карантиндик эрежелерде каралган документтерди, ошондой эле тастыктамаларды, сапат паспортторун жана күбөлүктөрдү тиркеп коюуга милдеттүү.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |