Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 14-ноябры № 104
2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протокол күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 12-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |