Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 21-ноябры № 108
2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуу жана Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 25-ноябрындагы N 104 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 12-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |