Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 18-октябры № 97
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 40-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "жана шайлоо комиссияларынын атайын фонддорунун" деген сөздөр алып салынсын;
2) 41-берененин 3-бөлүгүнүн он экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшсө, анда соттун чечими боюнча банк же башка мекеме бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которууга милдеттүү.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 21-октябрындагы № 93 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 7-сентябрында
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |