Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 4-ноябры № 102
2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгүн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 98 (3433) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 29-сентябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |