Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы
2022-жылдын 10-октябры № 95
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
28-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-статья. Ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган тартипти бузууга жол берген адамдар ички иштер органдары же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганга чейин, ал эми жанында инсандыгын ырастоочу документтери жоктор - ким экендиги аныкталганга чейин, бирок 48 сааттан ашык эмес кармалат. Кармалгандар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жеке тинтилиши, буюм-тайымдары жана транспорт каражаттары каралып чыгышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 91 (3426) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 7-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |