Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 28-ноябры № 112
2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуулардын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 2-декабрындагы N 106 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 2-ноябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |