Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 20-декабры № 121
2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Активдүү антициклдик чыгымдар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу программасы) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (Активдүү антициклдик чыгымдар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу программасы) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Активдүү антициклдик чыгымдар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу программасы) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (атайын операциялар) (Активдүү антициклдик чыгымдар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу программасы) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 20-декабры
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |