Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 28-ноябры № 113
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттары "ички иштер органдарын" деген сөздөрдөн кийин ", Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органды" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 48-берененин 1-бөлүгүнүн 6 жана 7-пункттары "ички иштер органдарын" деген сөздөрдөн кийин ", Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органды" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 2-декабрындагы № 106 (3441) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 20-октябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |