Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 16-декабры № 120
2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн № 2 кошумча макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
| ||
|
| |
|