Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 25-январы № 14
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-берененин 2-бөлүгү "иштеген жылдары," деген сөздөрдөн кийин "класстык чен жана" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык иш стажы болгондо ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө узартылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 27-январында N 6 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 15-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |