Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 24-январы № 8
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж,, № 7, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын аталышы "күрөшүү" деген сөздөн кийин "жөнүндө" деген сөз менен толукталсын;
2) 1-статьяда:
а) үчүнчү-бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) жетинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мажбурлоочу же милдеттүү эмгек (мажбурлоо эмгеги) - Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана эмгек мыйзамдарында аныкталган учурлардан тышкары, аткаруу үчүн ал адам өз кызматын ыктыярдуу сунуштабаган, кандайдыр бир жазалоо коркунучу алдында адамдан талап кылынган кандай болбосун иш (кызмат көрсөтүү) же кызмат;";
г) он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"адамдарды сатуу - анын макулдугу менен же макулдугусуз коркутуу, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуу, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо, бийликти же абалдын алсыздыгын кыянаттык менен пайдалануу жолу менен, же болбосо эксплуатациялоо максатында аны контролдоочу адамдын макулдугун алуу үчүн төлөм же пайда сунуштоо жолу менен азгырма жалдоо, ташуу, жашыруу, алуу, кабыл алуу же адамды өткөрүп берүү;";
д) он бешинчи абзац "кулчулукка" деген сөздөн кийин "же кулчулукка окшош каада-салттарга" деген сөздөр менен толукталсын;
е) статья төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр, атап айтканда, "адамдарды сатуунун курмандыктары" жана "адамдарды сатуучу" кандай гана негизде болбосун басмырлоочу болуп саналбагандай түрдө чечмеленет жана колдонулат. Бул түшүнүктөрдү чечмелөө жана колдонуу эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.";
3) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кыргыз Республикасынын адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";
4) 6-статьяда:
а) 1-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-пунктта:
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Акыйкатчы (Омбудсмен);";
- алтынчы абзацта "жана коргоо" деген сөздөр алып салынсын;
- сегизинчи абзацта "өнүктүрүү" деген сөз "камсыз кылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 7-статьяда:
а) аталышында жана 1-пункттун биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункттун биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 8-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча органдардын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.";
7) 9-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишке тартылуучу субъекттердин негизги иш-милдеттери
Ушул Мыйзамдын 6-статьясында саналган аткаруу бийлик органдары жана алардын аймактык органдары өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде адамдарды сатуунун алдын алуунун, табуунун жана бөгөт коюунун профилактикалык, режимдик, уюштуруучулук, маалыматтык, тарбиялык жана башка чараларды иштеп чыгуунун жана жүзөгө ашыруу аркылуу адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерге катышат.
Адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга маалыматтарды, материалдык-техникалык жана финансылык каражаттарды, транспорт каражаттарын жана байланыш каражаттарын, медициналык жабдууларды жана дары-дармек каражаттарын адистештирилген мекемелерге берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
9) 11-статьянын 2-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 12-статьяда:
а) 1-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 21-статьяда:
а) 3-пунктта "он" деген сөз "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 5-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 24-статьянын 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 25-статьяда:
а) 4-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 6-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын;
14) 27-статьянын 2 жана 5-пункттары "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
15) 28-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги 1-пунктта "жапа чегүүчү" деген сөздөр "жабырлануучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Мындай учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан аларга жарандыгы жок адамдын күбөлүгү берилет.";
в) 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 29-статьяда "ченемдерине жана принциптерине" деген сөздөр "жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 32-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 15-декабрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |