Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 31-январы № 20
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын экинчи жана үчүнчү абзацтары "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 5-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын уюштурууну камсыз кылуучу өз алдынча аткаруу бийлик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмү, укук коргоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 7, 8 жана 9-статьяларда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 10-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
6) 11-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 13-статьяда:
а) экинчи бөлүктө "мыйзамдары" деген сөз "жарандык мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 14-статьяда:
а) 1-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) изин суутпай-издөө ишин жүзөгө ашырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын изин суутпай-издөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аны жүзөгө ашыруучу органдарга өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүүгө;";
в) 8-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 15-статьяда:
а) 2 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) протоколдорду түзүү, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыздоо чараларын колдонуу;";
в) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү;";
г) 13-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 16-статьянын биринчи бөлүгүнүн 2, 3 жана 4-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 17-статьяда:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "мыйзамдарына" деген сөз "бюджеттик мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 18-статьяда:
а) биринчи жана экинчи бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 20-статьянын экинчи бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "мыйзамдарына" деген сөз "эмгек мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына, жарандык жана кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
14) 21-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "мыйзамдарына" деген сөз "жарандык мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 23-статьянын экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
16) IV главанын расмий тилдеги аталышындагы "работников" деген сөз "персонала" деген сөзгө алмаштырылсын;
17) 24-статьяда:
а) расмий тилдеги аталышындагы "Работники" деген сөз "Персонал" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) биринчи бөлүгүндө:
- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик жарандык кызматчылары - жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат ордун ээлеген Кыргыз Республикасынын жарандары;";
в) тогузунчу бөлүктө "Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 31-статьянын экинчи бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
19) 32-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөр "ушул Мыйзам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 33-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
21) 34-статьяда:
а) биринчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи жана он төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 35-статьяда:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү жана бешинчи бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
в) сегизинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте" деген сөздөр "ушул Мыйзамга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 36-статьяда:
а) ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмө формаларындагы "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) жетинчи бөлүк "аскер кызматчылары үчүн" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 22-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |