Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 30-январы № 19
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "аларга жакын болгон жак" деген сөздөр "жакын адамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги 11-пункттун биринчи абзацында:
- "Мыйзамда белгиленген," деген сөздөр "Мыйзамда белгиленген методдор менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "усулдар менен" деген сөздөр алып салынсын;
в) мамлекеттик тилдеги 19-пунктта "фонд" жана "усулдагы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "код" жана "методдогу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги 9-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ыкмалар" деген сөз "методдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги 11-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда "жабдуучу" деген сөз "берүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги 12-беренеде:
а) ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "жабдуучу" деген сөз тиешелүү сандагы жана жөндөмөдөгү "берүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункттагы "жолун" деген сөз "методун" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "ыкмасы" деген сөз "методу" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) мамлекеттик тилдеги 13-берененин аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө формаларындагы "ыкмалар" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "методдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 14-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги аталышында жана 1-бөлүктө "ыкма" деген сөз "метод" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүктүн биринчи абзацында "Чектелбеген ыкма" жана "төмөнкүдөй ыкма" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Чектелбеген метод" жана "төмөнкүдөй ыкмалар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктүн 1 -пунктунда:
- мамлекеттик тилдеги "жабдуучулар" деген сөз "берүүчүлөр" деген сөзгө алмаштырылсын;
- расмий тилдеги "методам" деген сөз "способам" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) мамлекеттик тилдеги 15-берененин аталышындагы жана текстиндеги ар кандай жөндөмө формаларындагы "ыкма" жана "жабдуучулар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "метод" жана "берүүчүлөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) мамлекеттик тилдеги 16-берененин аталышындагы жана текстиндеги ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "ыкма" жана "жабдуучу" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша сандагы жана жөндөмөдөгү "метод" жана "берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) мамлекеттик тилдеги 17-берененин аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө формаларындагы "ыкма" жана "жабдуучу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "метод" жана "берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) мамлекеттик тилдеги 18-беренеде ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "ыкма" жана "жабдуучу" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша сандагы жана жөндөмөдөгү "метод" жана "берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) мамлекеттик тилдеги 20-беренеде:
а) ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "ыкма" жана "жабдуучу" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша сандагы жана жөндөмөдөгү "метод" жана "берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн 1-пунктунда "жолу" деген сөз "ыкмасы" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) мамлекеттик тилдеги 21-беренеде ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "жабдуучу" деген сөз тиешелүү сандагы жана жөндөмөдөгү "берүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) мамлекеттик тилдеги 22-берененин аталышында жана текстинде ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "жабдуучу" деген сөз тиешелүү сандагы жана жөндөмөдөгү "берүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
14) мамлекеттик тилдеги 23-берененин аталышында жана текстинде ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "жабдуучу" деген сөз тиешелүү сандагы жана жөндөмөдөгү "берүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) мамлекеттик тилдеги 24-беренеде ар кандай жөндөмө формаларындагы "жабдуучу" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "берүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
16) мамлекеттик тилдеги 25-беренеде:
а) аталышында жана 1-3-бөлүктөрүндө ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "жабдуучу" деген сөз тиешелүү сандагы жана жөндөмөдөгү "берүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сүйлөшүүлөр менен чектелбеген метод колдонулган учурда биринчи этапта ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2 жана 7-пункттарында каралган маалыматтар ачылат.
Экинчи этапта сатып алуучу уюм/Агент биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөргө сатып алуу жөнүндө акыркы документтерди веб-портал аркылуу жөнөтөт жана сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн сатып алуу жөнүндө документтер жиберилген датадан тартып кеминде 10 (он) жумуш күндө белгилейт.
Экинчи этапка биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөрдүн документтеринин кайра каралган шарттарын эске алуу менен акыркы сунуштар берилет.
Финансылык сунуштар менен экинчи этапты ачууда веб-порталда ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтар белгиленет.";
в) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
17) мамлекеттик тилдеги 26-берененин аталышында жана текстинде ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "жабдуучу" деген сөз тиешелүү сандагы жана жөндөмөдөгү "берүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
18) мамлекеттик тилдеги 27-беренеде:
а) ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "ыкма" жана "жабдуучу" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша сандагы жана жөндөмөдөгү "метод" жана "берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн 3-пунктунда "жолу" деген сөз "ыкмасы" деген сөзгө алмаштырылсын;
19) мамлекеттик тилдеги 28-беренеде:
а) ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "ыкма" жана "жабдуучу" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша сандагы жана жөндөмөдөгү "метод" жана "берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн биринчи абзацында "жолун" деген сөз "ыкмасын" деген сөзгө алмаштырылсын;
20) мамлекеттик тилдеги 29-беренеде ар кандай сан жана жөндөмө формаларындагы "жабдуучу" жана "ыкма" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша сандагы жана жөндөмөдөгү "берүүчү" жана "метод" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) мамлекеттик тилдеги 30-берененин аталышында жана 1-бөлүгүндө "ыкмалары" жана "ыкмалар" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "методдору" жана "методдор" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) мамлекеттик тилдеги 34-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө "ыкмасын" деген сөз "методун" деген сөзгө алмаштырылсын;
23) мамлекеттик тилдеги 38-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ыкмасын" деген сөз "методун" деген сөзгө алмаштырылсын;
24) мамлекеттик тилдеги 39-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө "ыкмасына" жана "ыкманын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "методикасына" жана "методиканын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) мамлекеттик тилдеги 41-берененин 1-бөлүгүндө "ыкмасы" деген сөз "методу" деген сөзгө алмаштырылсын;
26) мамлекеттик тилдеги 42-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "усулдарын" деген сөз "методдорун" деген сөзгө алмаштырылсын;
27) мамлекеттик тилдеги 43-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жабдуучунун" деген сөз "берүүчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн 1-пунктунда "усулуна" деген сөз "методуна" деген сөзгө алмаштырылсын;
28) мамлекеттик тилдеги 44-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө "усулуна" деген сөз "методуна" деген сөзгө алмаштырылсын;
29) расмий тилдеги 47-берененин 2-бөлүгүнүн 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13 пункттарын белгилөө цифралары тиешелүүлүгүнө жараша "6, 7, 8, 9, 10, 11, 12" деген цифраларга алмаштырылсын;
30) мамлекеттик тилдеги 49-беренеде:
а) 1-бөлүктө "1. Мамлекеттик" деген сөздөр "Мамлекеттик" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
31) 54-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир календардык жыл өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 3-берененин 19-пунктунун, 25-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн, 27-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун ченемдеринин идентификациялык кодду колдонуу бөлүгүндө.";
б) расмий тилдеги 54-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "20" деген цифра "19" деген цифрага алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 21-декабрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |