Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 25-январы № 10
2022-жылдын 1-апрелинде Ош шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбекстан Республикасы тарабынан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иш жүргүзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2022-жылдын 1-апрелинде Ош шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбекстан Республикасы тарабынан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иш жүргүзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө өзбек тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
2022-жылдын 28-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |