Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 31-декабры № 130
"Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2022-жылдын 21-январы, № 10) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) 1-бөлүктө "282112890,6" жана "291234571,0" деген цифралар тиешелүү түрдө "273691158,3" жана "304043902,4" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөрдө "9121680,4" деген цифралар "30352744,1" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 5-беренеде:
а) 2-бөлүктө "3000000,0" деген цифралар "17601000,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "150000,0" деген цифралар "10600,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Баткен облусундагы жабыр тарткан ишкердик субъекттерине жардам көрсөтүүгө 218400,0 миң сом, анын ичинде Баткен облусунун жабыр тарткан ишкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсацияны төлөөгө 50400,0 мин сом жана бюджеттик кредиттерге 168000,0 миң сом жумшалсын.";
3) 13-статьянын 1-бөлүгүндө "802400,0" деген цифралар "831178,2" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 1, 2, 3, 31, 4, 5, 6, 7, 8, 81, 82, 11, 111-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 20-январындагы № 4 (3453) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 22-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |