Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 10-февралы № 23
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 87-берененин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 88-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"88-берене. Төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
1. Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Суу объекттери жана суу чарба курулмалары өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн акысыз берилет.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу башка мекемелер менен уюмдар суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйымдан бошотулат.
Суу пайдалануучулар жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн жыйымды төлөөдөн төмөнкүдөй учурларда бошотулат:
- кайра жаралуучу энергияны кошуп алганда, сууну электр энергиясын иштеп чыгаруу максатында пайдаланууда;
- сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды сугаруу, балыктарды көбөйтүү жана өстүрүү максатында белгиленген лимиттин чектеринде пайдаланууда;
- сууну үй жаныбарларын жана короо-жай участогун сугаруу үчүн пайдаланууда;
- сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн пайдаланууда;
- калктын ичүү муктаждыктары үчүн суу алууну жүзөгө ашырууда;
- сууну санитардык жана экологиялык кое берүүлөрдө;
- сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максаттары, эс алуу жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланууда;
- суу объекттерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографикалык жана издөө-тартуу жумуштарында;
- гидроэнергетикалык, мелиорациялык, балык чарбалык, суу транспорттук жана канализация багытындагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-февралындагы № 11 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 29-декабрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |