Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 19-январы № 5
2022-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы билим берүү уюмунун ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2022-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы билим берүү уюмунун ишинин шарттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө россиялык тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 24-январындагы № 5(3454) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 28-декабрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |