Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 20-февралы № 35
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө
1-берене.
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын укуктук статусун аныктайт, ошондой эле аны менен сыйлоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) Кыргыз Республикасында парламентаризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасында демократияны жана конституциялык түзүлүштү чыңдоого, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун таануу иретинде, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жана уюмдарын сыйлоо формасы болуп саналат.
3. Ардак грамота менен Кыргыз Республикасында парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошкондугу үчүн чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар да сыйланышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Ардак грамотаны негиздейт жана анын сыпаттамасын бекитет.
5. Ардак грамотага сунуш кылуу, тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, дубликат берүү жана сыйлоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) тескемеси менен бекитилет.
2-берене.
Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштама Жогорку Кеңештин Төрагасына төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
1) Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары;
2) Жогорку Кеңештин комитеттери - чет элдик жарандарга жана уюмдарга;
3) Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;
4) Жогорку Кеңештин депутаттары;
5) Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси - Аппараттын кызматкерлерине.
3-берене.
Ардак грамота менен сыйлоо үчүн сунуштама министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери тарабынан демилгеленет жана сыйлоо материалдары менен кошо Жобого ылайык Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.
4-берене.
1. Жогорку Кеңештин Төрагасы Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө киргизилген сунуштаманы Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан түзүлгөн Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссияга (мындан ары - Комиссия) жөнөтөт.
2. Комиссия Ардак грамота менен сыйлоого берилген материалдарды карап чыгып, өзүнүн оң же терс чечимин Жогорку Кеңештин Төрагасынын кароосуна киргизет.
3. Сыйлоо материалдары Жогорку Кеңештин Төрагасы бекиткен Комиссиянын иши жөнүндө жобого ылайык Комиссия тарабынан каралат.
5-берене.
1. Жогорку Кеңештин Төрагасы Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө Комиссия сунуштаган документтерди карайт жана тиешелүү чечим кабыл алат.
2. Зарыл болгон учурларда Жогорку Кеңештин Төрагасы сыйлоо тууралуу өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу.
6-берене.
1. Ардак грамота сыйлануучу адамдын өзүнө Жогорку Кеңештин Төрагасы же анын тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары тарабынан салтанаттуу жагдайда Жогорку Кеңеште же мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тапшырылат.
Ардак грамота Жогорку Кеңештин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары же башка кызмат адамдары тарабынан тапшырылышы мүмкүн.
2. Сыйланган адам каза болгон учурда, Ардак грамота анын жакын туугандарына берилет.
7-берене.
1. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө маалыматтар сыйланган адамдын эмгек китепчесине жазылат.
2. Сыйлангандарды эсепке алууну жана каттоону Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмү жүргүзөт.
8-берене.
1. Ардак грамота менен кайрадан сыйлоо жүргүзүлбөйт.
2. Ардак грамота сыйланган адамдын фамилиясы, аты-жөнү өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштырылып берилбейт.
3. Соттолгондугу жоюлбаган адамдар сыйлоого сунушталбайт.
4. Тартиптик жазалары бар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазаларын алып салганга чейин сыйлоого сунушталбайт.
5. Өлгөндөн кийин Ардак грамота менен сыйлоо жүргүзүлбөйт.
6. Сыйлануучу адам жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүгө жол берген, ошондой эле сыйлоого негизсиз сунуштамаларды киргизген жетекчилер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
9-берене.
Ардак грамота менен сыйлоодон баш тартылган учурда, сыйлоого кайрадан көрсөтүү баш тартуу жөнүндө чечим алынган күндөн тартып эки жылдан эрте киргизилиши мүмкүн эмес.
10-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы № 165 Мыйзамы ("Эркинтоо" газетасы, 2006-жылдын 22-августу, № 62);
2) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 66 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 457-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 614-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 140-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 28-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 20-февралы № 35
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын укуктук статусун аныктайт, ошондой эле аны менен сыйлоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) Кыргыз Республикасында парламентаризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасында демократияны жана конституциялык түзүлүштү чыңдоого, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун таануу иретинде, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жана уюмдарын сыйлоо формасы болуп саналат.
3. Ардак грамота менен Кыргыз Республикасында парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошкондугу үчүн чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар да сыйланышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Ардак грамотаны негиздейт жана анын сыпаттамасын бекитет.
5. Ардак грамотага сунуш кылуу, тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, сыйлоо жөнүндө тескеменин көчүрмөсүн берүү жана сыйлоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) тескемеси менен бекитилет.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштама Жогорку Кеңештин Төрагасына төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
1) Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары;
2) Жогорку Кеңештин комитеттери - чет элдик жарандарга жана уюмдарга;
3) Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;
4) Жогорку Кеңештин депутаттары;
5) Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси - Аппараттын кызматкерлерине.
3-берене.
Ардак грамота менен сыйлоо үчүн сунуштама министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери тарабынан демилгеленет жана сыйлоо материалдары менен кошо Жобого ылайык Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене.
1. Жогорку Кеңештин Төрагасы Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө киргизилген сунуштаманы Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан түзүлгөн Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссияга (мындан ары - Комиссия) жөнөтөт.
2. Комиссия Ардак грамота менен сыйлоого берилген материалдарды карап чыгып, өзүнүн оң же терс чечимин Жогорку Кеңештин Төрагасынын кароосуна киргизет.
3. Сыйлоо материалдары Жогорку Кеңештин Төрагасы бекиткен Комиссиянын иши жөнүндө жобого ылайык Комиссия тарабынан каралат.
5-берене.
1. Жогорку Кеңештин Төрагасы Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө Комиссия сунуштаган документтерди карайт жана тиешелүү чечим кабыл алат.
2. Зарыл болгон учурларда Жогорку Кеңештин Төрагасы сыйлоо тууралуу өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу.
6-берене.
1. Ардак грамота сыйлануучу адамдын өзүнө Жогорку Кеңештин Төрагасы же анын тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары тарабынан салтанаттуу жагдайда Жогорку Кеңеште же мамлекеттик органдарда, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында тапшырылат.