Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 16-февралы № 34
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 12, 1026-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган);";
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жана башкарууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Координациялык кеңеш, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик сырларды коргоо маселелерин жөнгө салуунун алкагында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү жалпы саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын аткарууну камсыз кылат, ошондой эле мамлекеттик сырларды коргоо маселелеринде мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга жетекчиликти жүзөгө ашырат;
3) бул жаатта ишти уюштуруу, иштөө, каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу тартибин аныктайт;
4) Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин бекитет;
5) Кыргыз Республикасында жашыруундук режимин камсыз кылуу боюнча нускаманы бекитет;
6) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана уюмдарды өзгөчө маанилүү жана режимдик объекттердин категориясына киргизүү, алардын иштөө тартибин бекитет, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын баруусу үчүн убактылуу жабык аймактардын тизмегин бекитет;
7) жашыруун кылынууга тийиш болгон маалыматтардын ведомстволук тизмектерин иштеп чыгуу тартибин белгилейт;
8) Кыргыз Республикасындагы Шифрлөө кызматы боюнча нускаманы бекитет, Кыргыз Республикасынын маалыматтык-телекоммуникациялык системаларында маалыматты коргоо каражаттарын, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу жана пайдалануу тартибин аныктайт;
9) жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо тартибин белгилейт;
10) жашыруун маалыматты бирге пайдалануу жана коргоо жөнүндө эл аралык келишимдерди түзөт, аны алып жүрүүчүлөрдү башка мамлекеттерге өткөрүп берүүгө контролду жүзөгө ашырат;
11) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча ишти контролдоону жана уюштурууну жүзөгө ашыруу максатында кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусу менен Координациялык кеңешти түзөт;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларды коргоо маселелери боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
б) 3-бөлүктүн 2-пунктунда "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктө:
- "Улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктта "(лицензияны)" деген сөз алып салынсын;
3) 6-берененин 5-пунктунда "(лицензияны)" деген сөз алып салынсын;
4) 7-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 9-берененин 6-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 13-берененин 8-пунктунда "(лицензия)" деген сөз алып салынсын;
8) 15-беренеде:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "Улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн өзгөчө тартиби
1. Төмөнкүлөргө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан жана текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн мамлекеттик сырларга уруксат берилет:
1) айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга:
а) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына;
б) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө;
в) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчисине;
г) Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдын жетекчисине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисине;
д) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысына;
е) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарына;
ж) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына;
2) айрым атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга:
а) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, төрагасынын орун басарына, судьясына;
б) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасына, төрагасынын орун басарына, судьясына;
в) жергиликтүү соттун төрагасына, төрагасынын орун басарына, судьясына;
г) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна;
д) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;
е) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына;
ж) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына;
з) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине);
и) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына;
3) мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды камтыган иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө коргоочу же өкүл катары катышуучу адвокаттарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү менен, текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн, мындай маалыматтарга уруксат берилет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б", "в", "г", "д", "е", "ж" пунктчаларында жана 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар өз ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болгон мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарбоо жөнүндө жана аларды ачыкка чыгарган учурда жоопкерчиликке тартылары жөнүндө эскертилет, бул тууралуу алардан тийиштүү милдеттенме алынат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардан мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенме Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте алынат.
Мындай учурларда мамлекеттик сырлардын сакталышы көрсөтүлгөн адамдардын жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгилөө аркылуу да кепилденет.";
10) 17-берененин 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 18-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү" деген сөздөр алып салынсын;
12) 19-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 20-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "(лицензия)" деген сөз алып салынсын;
15) 22-беренеде:
а) биринчи абзацта "улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 23-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 24-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 25-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- "улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү" деген сөздөр алып салынсын;
- "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "Улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 28-берененин экинчи абзацында ", администрациялык, тартиптик жоопкерчиликке" деген сөздөр "жоопкерчиликке жана укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 29-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-февралындагы № 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 11-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |