Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 16-февралы № 32
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
33-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) "ички иштер органдарына" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтеринин (паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн - жашап турууга берилген укугу, кайрылмандын ырастамасы) түп нускасы жана ксерокөчүрмөлөрү же болбосо колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен чет мамлекеттин паспорту бар жана/же чет мамлекеттин паспортун алууга (алмаштырууга) мүмкүнчүлүгү жок этностук кыргыздар үчүн - туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;";
в) 6-пункттагы ", айыл өкмөтүнөн маалымкат" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздар өздөрү жашап жаткан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын юридикалык дареги боюнча каттала алышат.";
2) 43-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "нотариалдык ырасталган" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-февралындагы № (3462) 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президентине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 11-январында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |