Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 15-февралы № 25
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 3, 135-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"контролго алынуучу продукция - Кыргыз Республикасынын Контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген аскердик багыттагы продукция, кош багыттагы продукция, ошондой эле көрсөтүлгөн продукцияга карата иштер жана кызмат көрсөтүүлөр;";
б) тогузунчу абзацта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи - жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси - контролго алынууга тийиш болгон товарлардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, технологиялардын жана программалык камсыздоолордун тизмеги;
аскердик багыттагы продукция - аскердик максаттуу багыт үчүн атайын иштелип чыккан, долбоорлонгон, конфигурацияланган, адаптацияланган же модификацияланган курал жана аскердик техника, ошондой эле товарлар жана программалык камсыздоо, интеллектуалдык менчиктин объекттери жана технологиялар;
түпкү пайдалануучунун сертификаты - ташылып келген контролго алынуучу продукция билдирилген максаттарда гана пайдаланыла тургандыгы, ошондой эле экспорттоочу өлкөнүн экспорттук контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты болмоюнча үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттолбой тургандыгы жөнүндө импорттоочунун милдеттенмесин ырастаган импорттоочу өлкөнүн экспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген документ.";
2) 2-статьяда:
а) экинчи бөлүк "Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде эркин экономикалык зоналарда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) үчүнчү бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төртүнчү бөлүк "жана аларды жеткирүү каражаттарын жайылтууга" деген сөздөрдөн кийин ", аскердик багыттагы продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-статьяда:
а) үчүнчү абзацта ", ошондой эле контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун, реэкспортун жана транзитин контролдоо жаатында" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"аскердик багыттагы продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо.";
5) 5-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"санариптештирүүнү жана электрондук башкарууну киргизүү жолу менен экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун жана ыкмаларын өркүндөтүү.";
6) 6-статьянын биринчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 7-статьянын экинчи абзацы "иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн," деген сөздөрдөн кийин "аскердик багыттагы продукциянын," деген сөздөр менен толукталсын;
8) 8-статьяда:
а) статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи бөлүктө:
- алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмегин" деген сөздөрдөн кийин ", Аскердик багыттагы продукцияга карата иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин" деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзөт, комиссиянын жобосун жана курамын бекитет;";
- тогузунчу абзацтагы "импорттолгон (экспорттолгон) өзгөчө товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү)" деген сөздөр "импорттолгон (экспорттолгон) контролго алынуучу продукцияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) экинчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ушул Мыйзамдын, экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат;";
9) 9-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 10-статьяда:
а) биринчи жана экинчи бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөрдү өткөрүп берүүнү (экспорт, реэкспорт) караган тышкы экономикалык бүтүмдөр:
- кош багыттагы товарларды (продукцияны) чет өлкөлүк жакка өткөрүп берүү түпкү пайдалануучунун сертификаты жана чет өлкөлүк жактын продукция массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын түзүү максатында пайдаланылбай тургандыгы жана ыйгарым укуктуу органдын макулдугу болмоюнча реэкспорттолбой же үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилбей тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси болгон учурда жүзөгө ашырылууга тийиш;
- аскердик багыттагы товарларды (продукцияны) чет өлкөлүк жакка өткөрүп берүү түпкү пайдалануучунун сертификаты жана продукция экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келбеген билдирилген максаттарда гана пайдаланыла тургандыгы жана ыйгарым укуктуу органдын макулдугу болмоюнча реэкспорттолбой же үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилбей тургандыгы жөнүндө чет өлкөлүк жактын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси болгон учурда жүзөгө ашырылууга тийиш.
Эгерде тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына бул продукция чет мамлекет же чет өлкөлүк жак тарабынан массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын түзүү максатында пайдаланыла тургандыгы анык белгилүү болсо, ал эми аскердик багыттагы продукцияларга карата - бул продукция чет мамлекет же чет өлкөлүк жак тарабынан экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келбеген билдирилген максаттарда пайдаланыла тургандыгы жөнүндө ишенимдүү маалымат болгон учурда аларга контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүүгө, жасоого тыюу салынат.";
б) төртүнчү бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) алтынчы бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) сегизинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Экспортту, импортту, реэкспортту жана транзитти караган тышкы экономикалык операциялар
Операциялардын экспортуна, импортуна, рекэкспортуна жана транзитине лицензияларды жана уруксаттарды берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Аскердик багыттагы продукцияны экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону караган тышкы экономикалык операциялар төмөнкү учурларда лицензиясыз жүргүзүлөт:
1) аскердик багыттагы продукцияны эл аралык көргөзмөлөрдө жана көрсөтүүлөрдө (иш-аракетте демонстрациялоодо) демонстрациялоо үчүн жүзөгө ашырылуучу аны ташып келүүдө жана ташып чыгууда Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен номенклатуралар жана көргөзмөнүн экспонаттарынын саны (көрсөтүүдө демонстрациялануучу аскердик багыттагы продукциянын үлгүлөрү) бар болгондо;
2) сыноолорду, машыгууларды өткөрүү үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып келүүдө жана ташып чыгууда;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып келүүдө (коргоонун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарында);
4) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууда;
5) белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ишке ашырууда;
6) Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет өлкөлүк юридикалык жактар менен түзгөн контракттар боюнча оңдоону, модернизациялоону же алмаштырууну жүзөгө ашыруу үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып чыгууда, андан соң ташып келүүдө.";
12) 12-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик экспертизанын тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.";
13) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү болгон мамлекеттик органдардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатындагы мыйзамдарын бузган жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
14) 16-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 17-февралындагы № 12 (3461) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 11-январында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |