КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 24-февралы № 37
2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) биргелешкен материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) биргелешкен материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо тууралуу макулдашууну ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына кабарласын.
3-берене
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 15(3464) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |