Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 16-февралы № 30
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 328-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыймылсыз мүлктүн күрөөсү жөнүндө келишим мамлекеттик катталууга тийиш жана милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбайт.";
2) 335-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацында "нотариалдык жактан ырасталган" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) статьянын аталышында "келишимдердин" деген сөз "бүтүмдөрдүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде кыймылсыз мүлккө карата пайда болгон укуктарды каттоону жергиликтүү каттоо органы жүзөгө ашырат.";
в) 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адистери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген иш-аракеттерди жасаган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
5. Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адистери, жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын ишке ашырууга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүгө; жеке жана юридикалык жактарга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө; юридикалык маалыматсыздыгы аларга зыян алып келбеши үчүн жасалып жаткан иш-аракеттердин кесепеттери тууралуу эскертүүгө; мыйзамда каралган учурлардан тышкары, кесиптик ишин жүргүзүүгө байланыштуу өздөрүнө маалым болгон маалыматтарды жашыруун сактоого жана муну ыйгарым укуктары токтогондон же жумуштан кеткенден кийин да аткарууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келбеген учурларда, мындай милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде пайда болгон иш-аракеттерди жасоодон баш тартууга милдеттүү.
Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адистери өз милдеттерин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аткарышат. Эгерде милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде келип чыккан иш-аракеттерди жасоого байланыштуу адиске карата кылмыш-жаза иши козголсо, сот жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адисин жашыруун сырды сактоо милдетинен бошотушу мүмкүн.
Жогорку юридикалык билими бар, каттоочу катарында 3 жылдан кем эмес иш стажына ээ, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органда окуу курсунан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык ырастоону талап кылбаган бүтүмдөрдү каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адиси боло алат.";
г) 12-пунктта "келишимдердин" деген сөз "бүтүмдөрдүн" деген сөзгө алмаштырылсын.
3-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 60-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60-статья. Күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби
1. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу күрөө предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн датага чейин милдеттенмелерин аткарууда катары менен үч айдан ашык үзгүлтүксүз бузуулар болгон учурда демилгеленет.
Күрөө предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) күрөө жөнүндө келишимдин, же болбосо кыймылдуу мүлккө карата күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби тууралуу шарттарды камтыган макулдашуунун;
2) күрөө жөнүндө келишим же болбосо мыйзам күчүнөн улам ипотеканы белгилеген башка келишим менен бир учурда түзүлгөн жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, же болбосо күрөө жөнүндө келишимдин, же мыйзам күчүнөн улам ипотеканы белгилеген башка келишимдин колдонулуп жаткан мезгилинде түзүлгөн күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда кыймылсыз мүлккө карата соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүп алуунун тартиби тууралуу макулдашуунун;
3) күрөө жөнүндө келишимде же мыйзам күчүнөн улам ипотеканы белгилеген башка келишимде күрөө кармоочунун соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүп алуу тууралуу укугу болгон учурда нотариустун аткаруу жазмасынын.
2. Күрөө кармоочу нотариустун аткаруу жазмасын алуу үчүн ушул Мыйзамдын 58-статьясына ылайык билдирүү түзүлгөндөн кийин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 581-статьясына ылайык күрөө кабарлоосуна жазуу жүргүзүлгөндөн кийин күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочу койгон талапты канааттандырууга ниети жок болсо, кайрылууга укугу бар.
Нотариустун аткаруу жазмасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жасалат.
3. Күрөө жөнүндө келишим же күрөө берүүчүнүн талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу боюнча күрөө предметин өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын 58-статьясында каралган билдирүү жиберилгенден кийин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 581-статьясында каралган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугу катталган учурда күрөө кабарлоосуна жазуу жүргүзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу тууралуу макулдашуу күрөө жөнүндө мурдагы келишимдер боюнча күрөө кармоочулардын катышуусу менен түзүлсө, ал макулдашуу кийинки келишим боюнча жарактуу болот. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу, кимисинин укуктары ушул макулдашуу менен бузулса, ошонун койгон доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууда макулдашууну укук белгилөөчү документ катары таануучу шарттар каралууга тийиш эмес.
5. Эгерде күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосунда түзүлгөн келишимде (макулдашууда) күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби белгиленсе, тараптардын бирөөсү дагы бир беткей тартипте өндүрүп алуунун тартибин өзгөртө албайт же келишим (макулдашуу) менен белгиленген күрөө предметин өндүрүп алуу тартибинен башкача жол менен баш тарта албайт.
Мында күрөө предметин өндүрүп алуу үчүн негиз пайда болгондон кийин тараптар кошумча макулдашуу менен күрөө жөнүндө баштапкы келишимден жана/же макулдашуудан айырмалган, күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы башка тартибин кароого укуктуу.
6. Эгерде күрөө предметин сатуудан кийин алынган сумма күрөө менен камсыз кылынган күрөө кармоочунун талабынын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда айырма күрөө берүүчүгө кайтарып берилет.
Эгерде күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумма күрөө кармоочунун талаптарын жабуу үчүн жетишсиз болсо, келишимде башкача көрсөтмө берилбесе, ал күрөөгө негизделген артыкчылыктан пайдаланбастан, карызкордун башка мүлкүнөн жетпеген сумманы алууга укуктуу.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-февралындагы № 13 (3462) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 11-январында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |