Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 16-февралы № 31
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2019-жылдын 2-августу, № 64) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) тартиптик жорук - кызматкердин кызматтык тартипти бузуусу, ага тете кызматкердин укук коргоо органында кызматта болуусу менен байланышкан жана ал үчүн тартиптик жоопкерчилик каралган, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюуларды сактабоосу;";
б) 10-пункт "ченемделбеген жумуш убактысын" деген сөздөрдөн мурда "кошумча өргүү күндөрүн берүү үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 15-пунктта "экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган," деген сөздөр алып салынсын;
г) 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) убактылуу карамакта болууга жиберүү - кызматкерди укук коргоо органынын кадрларында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында жана эл аралык уюмдарда же мамлекеттер аралык органдарда кызмат орундарын ээлөө үчүн жиберүү, ошондой эле кызматкерди укук коргоо органынын ичиндеги башка бөлүмгө атайын мүнөздөгү ишти аткаруу үчүн убактылуу жиберүү;";
д) 17-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) кадрлар резерви - укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болгон, кызмат ордуна коюлган талаптарга жооп берген жана конкурстук тандоодон өткөн талапкерлердин тобу;";
ж) 19-пунктта ", максаттуу квалификациялык даярдыктан өткөн" деген сөздөр алып салынсын;
з) 25-пункт "талапкерге" деген сөздөн кийин "(кызматкерге), анын ата-энесине, асырап алгандарга, жубайына, балдарына, анын ичинде асырап алынгандарга, эркек жана кыз бир туугандарына" деген сөздөр менен толукталсын;
и) 26-пунктта "жоруктарды, бузууларды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-берененин 8-бөлүгүндө "бузуулар, жоруктар" деген сөздөр "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-берененин 1-бөлүгүндө:
а) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1) Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш иштери боюнча ал күбө, шектүү же айыпталуучу катары өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө жана сотторуна чакыруунун бардык фактылары жөнүндө ыйгарым укуктуу жетекчиге (башчыга) токтоосуз билдирүүгө;";
б) 15-пунктта "ээлеп турган кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга" деген сөздөр "кызмат өтөө талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 16-пунктта "квалификациялык" деген сөз алып салынсын;
г) 21-пунктта "кызматкердин жана" деген сөздөр алып салынсын;
4) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызматкер кылмыштарды, укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.";
5) 10-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Укук коргоо органдарына кызматка 19 жашка толгон (Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын окуу жайларында жана чет мамлекеттердин ушуга маанилеш окуу жайларында окуган адамдарды кошпогондо), башка мамлекеттин жарандыгын албаган, укук коргоо органдарында кызмат өтөгөнгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык абалы боюнча жарактуу деп таанылган, дене бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматтан же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик кызматтан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары - жарандар) ыктыярдуу тартипте кабыл алынат.";
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын күндүзгү, бюджеттик окуу формасы боюнча же аскердик окуу жайларды, анын ичинде чет мамлекеттердин ушуга окшош окуу жайларын аяктаган адамдарга;";
- 4-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 6-бөлүктө:
- 4-пунктта "баш тартса" деген сөздөр "жазуу жүзүндө баш тартса" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пунктта "уюшкан кылмыштуу топтордун" деген сөздөр "уюшкан топтордун, кылмыштуу коомдоштуктун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кылмыш иши боюнча шектүү же айыпталуучу болуп саналган адамдар да укук коргоо органдарына кызматка талапкер боло албайт.";
е) 8-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларына күндүзгү окуу формасы боюнча окууга жалпы орто же кесиптик орто билими бар, 17 жаштан 25 жашка чейинки курактагы жарандар кабыл алынат.";
ж) 9-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
з) 12-бөлүктө "ортодон" деген сөз "жалпы ортодон" деген сөздөргө алмаштырылсын;
и) 13-бөлүктө:
- ", билим берүү мекемелеринде алгачкы даярдык курстарынан өткөндөн кийин" деген сөздөр алып салынсын;
- "атайын" деген сөз "кесиптик" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 11-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу айрым кызмат орундарын кошпогондо, укук коргоо органына кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.";
б) 3-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 12-беренеде:
а) 1-бөлүктө "баштапкы окутуудан" деген сөздөр "атайын баштапкы кесиптик даярдыктан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "окутуудан" жана "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "атайын баштапкы кесиптик даярдыктан" жана "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 14-беренеде:
а) берененин аталышында "жана узартуунун " деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кызматкерди башка укук коргоо органына которуу жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып анын колдонуудагы контракты токтотулат жана милдеттүү түрдө жаңы кызмат орду боюнча контракт түзүлөт.";
в) 3-6-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 7-бөлүктө "мөөнөтүнөн мурда" деген сөздөр алып салынсын;
д) 8-бөлүктө "кызмат орду, наамы," деген сөздөр алып салынсын;
е) 11-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 15-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 16-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары белгиленип чектелген атайын наамдарга ылайык катардагы, кенже, ортоңку, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына бөлүнөт.
Укук коргоо органдарында ээленүүчү кызмат орундары жана бул кызмат орундарына ылайык келген атайын наамдар төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1) катардагы курам - катардагы (курсанттар);
2) кенже жетектөөчү курам - кенже сержанттан тартып улук прапорщикке чейин кошо алганда;
3) ортоңку жетектөөчү курам - кенже лейтенанттан тартып капитанга чейин кошо алганда;
4) улук жетектөөчү курам - майордон тартып полковникке чейин кошо алганда;
5) жогорку жетектөөчү курам - генерал-майордон тартып генерал-полковникке чейин кошо алганда.";
11) 17-берененин 5-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 18-беренеде:
а) 4-бөлүктө "окутуу мөөнөтү 4 жылдан ашкан" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Биринчи атайын наам (милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, бажы кызматынын кенже лейтенанты) жарандарга укук коргоо органынын ортоңку жана улук жетектөөчү курамынын кызмат ордуна дайындоо менен бир учурда ыйгарылат.";
в) 6 жана 8-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 9-бөлүктө "финансы полициясынын лейтенанты"," деген сөздөр алып салынсын;
д) 13-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кызмат орду боюнча белгиленип чектелген атайын наамга ылайык келген атайын наамы бар кызматкерлер жогорку наам каралган кызмат ордуна жылыштырганда кезектеги атайын наамды ыйгарууга ошол кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 3 айдан эрте эмес көрсөтүлөт.";
е) 19-бөлүктүн 2-пунктунда "жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш" деген сөздөр "кылмыш иши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 20-бөлүктө "жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш" деген сөздөр "кылмыш иши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 19-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пунктта "финансы полициясынын кенже сержанты," деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пунктта "финансы полициясынын сержанты," деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-пунктта "финансы полициясынын улук сержанты," деген сөздөр алып салынсын;
г) 5-пунктта "финансы полициясынын старшинасы," деген сөздөр алып салынсын;
д) 6-пунктта "финансы полициясынын прапорщиги," деген сөздөр алып салынсын;
е) 7-пунктта "финансы полициясынын улук прапорщиги," деген сөздөр алып салынсын;
ж) 8-пунктта "финансы полициясынын кенже лейтенанты," деген сөздөр алынып салынсын;
з) 9-пунктта "финансы полициясынын лейтенанты," деген сөздөр алып салынсын;
и) 10-пунктта "финансы полициясынын улук лейтенанты," деген сөздөр алып салынсын;
к) 11-пунктта "финансы полициясынын капитаны," деген сөздөр алып салынсын;
л) 12-пунктта "финансы полициясынын майору," деген сөздөр алып салынсын;
м) 13-пунктта "финансы полициясынын подполковниги," деген сөздөр алып салынсын;
н) 14-пунктта "финансы полициясынын полковниги," деген сөздөр алып салынсын;
14) 20-беренеде:
а) 3-бөлүктө "бир жолудан" деген сөздөр "эки жолудан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "бир жолудан" деген сөздөр "эки жолудан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 24-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кызматкерлерди жетектөөчү кызмат орундарына жылыштыруу ыйгарым укуктуу жетекчинин сунушу боюнча көрсөтүлүүчү кадрлар резервинен жүзөгө ашырылат. Кадрлар резервин түзүү тартиби жана көрсөтүлүүчү жетектөөчү кызмат орундарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 3-5-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 25-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- "аз" деген сөз "көп" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Өзгөчө учурларда ротациялоо белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кызматкерлерге ротация жүргүзүү тартиби укук коргоо органдары тарабынан аныкталат.";
б) 3-бөлүк "жалгыз баласы болуп саналса," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле эгерде кызматкер жашы жете элек балдардын жалгыз ата-энеси болсо," деген сөздөр менен толукталсын;
в) 5-бөлүктө "Милдеттүү түрдө ротациялануучу" деген сөздөр "Ротацияланууга тийиш болгон" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 26-берененин 2-бөлүгүндө "аны ишке орноштуруу" деген сөздөр "контракт түзүү, аны ишке орноштуруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 27-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 28-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пунктта:
"Президентинин Аппаратында" деген сөздөр "Президентинин Администрациясында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктта "башка мамлекеттик органдарга," деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк "тийиштүү органдын" деген сөздөрдөн кийин "администрация," деген сөз менен толукталсын;
в) 5-бөлүк "тиешелүү органдын" деген сөздөрдөн кийин "администрация," деген сөз менен толукталсын;
г) 7-бөлүктө:
- "Президентинин Аппаратына" деген сөздөр "Президентинин Администрациясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, башка мамлекеттик органдарга," деген сөздөр алып салынсын;
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"13. Кызматкерди укук коргоо органынын ичинде убактылуу карамакта болууга жиберүү тартиби жана шарттары укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.";
20) 29-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкер чакыртып алынганда же убактылуу карамакта болууга жиберүү мөөнөтү аяктаганда.";
б) 4-бөлүктө:
- "жоруктар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо учурларын кошпогондо, кызмат ордунан четтетилгендигине байланыштуу кадрлардын карамагында болгон убактысы жалпы эмгек стажына, ошондой эле адистиги боюнча кызмат стажына кошуп эсептелет.";
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бул ченем эл аралык уюмдардан, мамлекеттер аралык органдардан жана чет өлкөлүк окуу жайлардан чакыртып алууга байланыштуу кадрлардын карамагына киргизилген, убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерлерге жайылтылбайт.";
21) 30-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 1-пунктунда "андан көп жыл" деген сөздөр "андан көп календардык жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 13-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 14-бөлүктө "контрактты узартуу, кызматкерди жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн резервге киргизүү" деген сөздөр "кызматкерди жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 31-беренеде:
а) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөөнүн өзгөчө шарттары деп өзгөчө же аскердик абалдын режими киргизилгенде, адамдар барымтага алынганда, массалык баш аламандыктарда кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын кызматы түшүнүлөт.
4. Кызматкердин ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган шарттарда иштөөсү эс алуу күндөрү жана мыйзамдарда белгиленген башка кепилдиктер менен милдеттүү түрдө компенсацияланат.";
б) 5-бөлүктө "мөөнөтүнөн мурда" деген сөздөр алып салынсын;
23) 32-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 34-берененин 4-бөлүгүндө "кошумча" деген сөз "ар жылдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 36-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 41-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта "жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 43-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 2-пунктта "жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта "жоруктарды же бузууларды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын, "жорук же бузуу" деген сөздөр "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктта "жоруктарды же бузууларды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 58-беренеде "жана бузуулар, жоруктар жана кылмыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр ", Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29) 59-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 61-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) каникулдук өргүү.";
31) 62-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кызматкер өтүп жаткан жылда кезектеги ар жылдык өргүүнү пайдаланбаган же өргүүнүн бөлүгүн пайдаланган учурда, өргүү же анын пайдаланбаган бөлүгү милдеттүү түрдө өтүп жаткан иш жылынын ичинде берилет же кийинки иш жылы үчүн өргүүгө кошулат.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кызматкер өз каалоосу боюнча өргүүнү бөлүктөргө бөлүп пайдаланууга укуктуу. Ушуну менен бирге, биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн аз болбоого тийиш.";
32) 63-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча күндөр берилет" деген сөздөр "узактыгы 10 календардык күн болгон кошумча өргүү күндөрү берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 641-берене менен толукталсын:
"641-берене. Каникулдук өргүү
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын окуу жайларында күндүзгү окуу формасында окуган курсантка төмөнкүдөй өргүүлөр берилет:
1) окуу планына ылайык узактыгы 7 календардык күн болгон кышкы каникулдук өргүү;
2) узактыгы 30 календардык күн болгон жайкы каникулдук өргүү";
34) 65-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызматкерге бир жыл ичинде узактыгы 10 календардык күндөн ашпаган кыска мөөнөттүү өргүү төмөнкүдөй учурларда берилиши мүмкүн:";
35) 67-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
36) 68-берененин 2-бөлүгү "эмгек стажына," деген сөздөрдөн кийин "атайын наам ыйгаруу үчүн иштеген жылдарына," деген сөздөр менен толукталсын;
37) 69-беренеде:
а) 3-бөлүктө мамлекеттик тилдеги "кем" деген сөз "аз" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
38) 70-беренеде:
а) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө расмий тилдеги "органа" деген сөз алып салынсын;
39) 71-беренеде:
а) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
40) 72-беренеде:
а) 3-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 12-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
41) 74-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кызматкер эгерде кызмат өтөө мезгилинде ден соолугуна келтирилген зыяндын (залалдын, жарадар болуунун, жаракат алуунун, контузиянын) кесепетинен өлсө же майып болсо, кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийинки бир жылдын ичинде камсыздандырылды деп эсептелет.";
б) 7-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кызматкер кызмат өтөө мезгилинде ден соолугуна аны андан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алса же ооруга чалдыкса, же болбосо кызмат өтөө мезгилинде ден соолугуна келтирилген зыяндын (залалдын, жарадар болуунун, жаракат алуунун, контузиянын) же оорунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин бир жыл өткөнгө чейин ага төмөнкүдөй өлчөмдөгү бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:";
в) 13-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Камсыздандыруу суммалары кызматкер кызматтык милдеттерин аткарууга, түздөн-түз кызматта болууга, кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу ден соолугуна зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алган, ал кызматтык текшерүүнүн, тергөөнүн жана медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталган, бирок ал үчүн андан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаган учурда да төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:
1) ден соолугуна оор зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду жана атайын наамы боюнча кызматтык маянасынын 20 эсе өлчөмүндө;
2) ден соолугуна анча оор эмес зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду жана атайын наамы боюнча кызматтык маянасынын 15 эсе өлчөмүндө;
3) ден соолугуна жеңил зыян (залал, жарадар болуу, жаракат алуу, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду жана атайын наамы боюнча кызматтык маянасынын 10 эсе өлчөмүндө.
Кызматкер кызмат өтөгөн мезгилинде ден соолугуна алган зыяндын (залалдын, жарадар болуунун, жаракат алуунун, контузиянын) же оорулардын кесепетинен кызматынан төмөндөтүлгөн учурда, кызматынан төмөндөтүлөрдүн алдындагы акыркы кызмат орду боюнча алган акчалай акы (компенсация) укук коргоо органдарынын каражатынын эсебинен төлөп берилет.
Ушул бөлүккө ылайык камсыздандыруу суммалары тиешелүү укук коргоо органынын сметасынын эсебинен төлөнөт.";
г) 14-бөлүктүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 16-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Ден соолугуна келтирилген зыяндын (залалдын, жарадар болуунун, жаракат алуунун, контузиянын) же оорулардын олуттуулук даражасын аныктоо тиешелүү медициналык мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат.";
42) 75-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 76-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 77-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
45) 80-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүктө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1) Кызматкердин жакын туугандары уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан топтордун, кылмыштуу коомдоштуктун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылгандыгына байланыштуу;";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) кызматкер Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына убактылуу карамакта болууга жиберүү тартибинде жиберилген учурларды кошпогондо, кызматкерди башка мамлекеттик органга которууга байланыштуу;";
в) 9-бөлүк "Ушул берененин" деген сөздөрдөн кийин "2-бөлүгүнүн 6, 10, 11, 13, 14, 16, 17-пункттарында жана" деген сөздөр менен толукталсын;
46) 82-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- "мөөнөтүнөн мурда" деген сөздөр алып салынсын;
- "бир ай" деген сөздөр "эки жума" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "бир айлык" деген сөздөр "эки жумалык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө "мөөнөтүнөн мурда" деген сөздөр алып салынсын;
г) 4-бөлүктө "мөөнөтүнөн мурда" деген сөздөр алып салынсын;
47) 83-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пунктта"5, 7 жана" деген сөздөр "7 жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта "2, 6" жана "2, 4-8, 10-13-пункттарында" деген сөздөр тиешелүү түрдө "2, 5", "6 жана 11-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чектелген жаш курагына жеткен, укук коргоо органын кайра уюштуруу, жоюу же штаттык санын кыскартуу учурларын, ошондой эле кадыр-баркты кетирүүчү жорук жасаган, ишенимди жоготкон жана кызматтык тартипти одоно бузган, кызматкер күчүнө кирген сот чечиминин негизинде жасаган кылмышы үчүн соттолгон жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте реабилитацияланууга тиешелүү негиздер боюнча кылмыштык куугунтуктоо токтотулган учурларды эске албаган кызматкерге карата кылмыштык куугунтуктоо токтотулган учурларды кошпогондо, кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыз болгон мезгилде, же болбосо ал өргүүдө же иш сапарында жүргөн мезгилде укук коргоо органынын демилгеси боюнча контрактты бузууга жол берилбейт.";
48) 84-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
49) 86-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кызматтан бошотуу тартиби укук коргоо органы тарабынан аныкталат.".
50) 89-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-февралындагы № 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 19-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |