Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 16-февралы № 33
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 6-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Коом юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап юридикалык жак катары түзүлдү деп эсептелет.";
2) 8-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Коом юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап түзүлдү деп эсептелет жана юридикалык жак болуп саналат.";
3) 10-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 12-статьянын 3-пунктунда "учурдан" деген сөз "күндөн" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 22-статьянын 3-пунктунун расмий тилдеги текстинде "с момента" деген сөздөр "со дня" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 36-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 37-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 81-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьянын 13-пунктунда "юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 24-статьянын 3-пунктунун 2-пунктчасында "юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдардын" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 38-статьяда:
а) 2-пункттун биринчи абзацында "учурдан" деген сөз "күндөн" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 6-пункттун экинчи абзацында "учурдан" деген сөз "күндөн" деген сөзгө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 11-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |